Menu

ИИМ орун басары Данияр Абдыкаров менен УКМК кызматкери Алмаз Маткасымов погончон кылмышкерлерби?..

Бөлүшүү:

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын аймагында криминогендик абал курчуп, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө болгон күрөш ИИМ тарабынан токтоп калгандай. Кимден сураба, бир жакшы сөз айтпайт. Өзүңүздөргө маалым болгондой, 2010-жылдан 2015-жылга чейин ошол убактагы ИИМдин жетекчилери уюшкан кылмыштуу топтун камаганын камап, калган анабашчылары чет өлкөлөргө качкан болчу.

 А бүгүнчү? Жадагалса Жогорку Кеңеш 2013-жылы КР Кылмыш кодексине да өзгөртүүлөрдү киргизип, жаңы мыйзам кабыл алып бергенине карабастан, бул багытта толук кандуу жумуш жүрбөй жатканын өкмөттүн КСДП фракциясынын алдында берген отчетунда ИИМдин орун басары Данияр Абдыкаровдун баяндамасы далилдеп турат. Баяндамада айтылгандай, “2017-жылдын 12 ай ичинде жалпы жонунан 522 УКТМ (уюшкан кылмыштуу топ мүчөлөрү) каттооого алынып, 241и кармалып сот жообуна тартылган” деп айтылган сөзгө ишенесиңерби? Бул жөн гана статистиканы көтөрүш үчүн “мынча УКТМ каттоого алдык” деп жасалма жумуштар жүргүзүлгөндүгү айгинелеп турат. Дал ушул отчет негиз болдубу, же башка даттануулар түрткү болдубу, азыркы күндө ИИМдин ишмердигин текшерүүгө келген депутаттык комиссия дыкат иликтеп чыкса, ошол 522 УКТМ өздөрүнүн каттоодо тургандыгы боюнча маалыматы жок, кээ бирлери каза болуп калган, башкалары майда-барат уурулук же болбосо алдамчылык фактылары менен отурган байкуш жарандар. Тилекке каршы, учурда УКТМ ишкерлерди каалагандай кыйнап, шаардагы кафе, сауна, кумар ойноочу жайларды отметкага коюп келгени жалганбы? Бул жерде бирден бир себеп, ИИМ орун басары Д.Абдыкаровдун жүргүзгөн кадрдык жүрүштөрүнүн негизинде болуп жатат.

Бул киши бүгүнкү күндө УКТМ менен күрөшпөй эле ИИМдин ичиндеги интригадан башы чыкпай, күчтүү кадр катары эсептелген Мелис Турганбаевдин, Калыбек Сатыбалдиевдин, Сүйүн Өмүрзаковдун, Жеңиш Жоробековдун, Бакыт Парманкуловдун кол астында иштеген тың балдардын үстүнөн күрөш жүргүзүп, куугунтук менен алектенип келүүдө. Канча тың ИИМ системасындагы жетекчилердин, профессионал опер кызматкерлердин үстүнөн куугунтук жүргүзүп, иштен мажбурлап кетиргенин эч ким тана албайт. Бул ушак эмес. Бүгүнкү күндө ИИМге депутаттык комиссия келип, дал ушул ИИМ юристеринен так маалыматты алышса болмок, учурда канча сот процесстери жүрүп жатканынан. Ошолор териштирсин, жашыруун сурамжылоо жүргүзсүн, баардыгы чындык болуп чыгат. Бир эле мисал, фракциянын отчетунда ЖК депутаты Рыскелди Момбеков бир эле фактыны айтып кетти: “Бүгүнкү күндө ЖК ичинде 60 уурдалган (двойник) автоунааларды айдап жүрүшөт” деп. Бул туура сөз. “Дал ушул уурдалган машинелер Кыргызстанга кандай жол менен, кимдин көзөмөлү алдында кирет? Тойчиев Аслан кайда качты эле?” деп Д.Абдыкаровго жана УКМК башчысынын орун басарына суроо берсе болмок. “Коррупция менен күрөшүш керек” дейт, кайдагы күрөш?

Негизги кепке токтолсок, жогорудагы УКМКнын сот жана күч түзүмдөрүн көзөмөлдөгөн Маткасымов Алмаз – Данияр Абдыкаровдун өнөктөшү. Бүгүнкү күндө Ош облусунун көк-бөрү боюнча “Достук” командасына демөөрчү болуп, 50 миң долларга чейин аттарды сатып бергени жалганбы? “Алардын айлыктарын кайдан келген акча менен берет?” деп суроо берсек. Бир команданы каржылап кармаш үчүн айына 20 миң долларга чейин акча сарпталат, бул акчалар кайдан келет бул жигитке? Бул жигиттин төрт аты эле 200 миң доллар турганын кандай түшүнсөк болот? Бул акчаларды дал ушул Д.Абдыкаров экөө ишкерлерге кылмыш иштерин козгоп, сотто көзөмөлдөп, андан кийин көп суммадагы акчаларды тең бөлүшүп келгени ыраспы? Же уурдалган машинелерди кандай жол менен алып келишкенин билбейт деп ойлошобу? Бул эки эргул дайыма Д.Абдыкаровдун Медеров көчөсү №37де жайгашкан хансарайында жолугушуп, “кайсы акчалар кандай жол менен келгенин эч ким билбейт. Бизди эч ким тыңшоого ала албайт” деп тайрандап жүрүшөт го? Бул жигит тууралуу Абдил Сегизбаев билет болду бекен, “бул акчалар кайдан?” деп айтпайбы? Сегизбаев унчукпай кала берсе, анда АКС башчысы Сагынбек Исмаиловдо үмүт бар, себеби, бул жигит күч органдарынын акмачылыгына чыдап тура албаса керек…

Анда эмесе фактыны негиз кылып айта кетсек, Д.Абдыкаров ИИМдин УКТККББнын Чүй жана Талас облустары боюнча  башкармалыктын  башчысы, милициянын поковниги Талас Бегалиевди жана бир тууган агасы Тариэл Бегалиевди “силер Талас облусунун көк-бөрү боюнча “Ынтымак” командасын каржылайт экенсиңер. УКТМ Жумагулов Чыңгыз (каймана аты Дөө) менен байланышың бар экен” деп куугунтукка алып, жумуштан кетиргени факт. Эми эң кызыгы, дал ушул Чыңгыз-Дөөнү өзү түрмөдөн чыгартып, ушул жигиттин жардамы аркылуу “генерал” чинин алгандыгы тастыкталабы? Бул жерде чоң маселе жатат. Убакыт келет, Чүйдүн тың жигиттери жөн калтырбай, жооп кылат… Чыңгыз-Дөөнү чыгарганда коомчулукта кызык талкуу болуп, кайра киргизип коюшту го? Эмне, ал кишини кандай максатта чыгарганын билбей калат дейби?! УКТМ менен кайдагы күрөш? Д.Абдыкаровдун дал өзү УКТМга көз каранды болуп отурганын эч ким токтото албайбы?!

Ал эми Алмаз Маткасымов экөөлөп тапкан арам акчаларга “Достук” командасы каржыланып келгенин кандай түшүнсөк болот? Жакында бир макала жарык көрөт, Ысык-Көл облусундагы “Аврора” пансионатынын жанында жайгашкан “Коста Брава” пансионатын рейдерлик жол менен басып алган фактыны ачыкка чыгарабыз. Кандай жол менен, кимдин көрсөтмөсү менен, кимге карата кылмыш ишин козголгону тууралуу… Андан көрө УКТМга кылмыш иштерин козготпойбу бул эргулдар. Булар уюшкан кылмыштуу топтордун жогорку жактагы эшелондоруна айландыбы?!

2018-жылдын январь айында интернет булактарына Аслан Тойчиев аттуу жаран тарабынан макала жарыяланган болчу, “Менин өлүмүмө дал ушул Д.Абдыкаров себепкер болот” дегенин кандайча түшүнөбүз? Бирок көп өтпөй ал жигит Россиянын Москва шаарынан УКТМ аркылуу кармалып, коркутушуп, машиненин ичинде баштапкы көрсөтмөсүнөн баш тартканын жана “башка адамдар менин атыман жазыптыр” дедиртип, Ютуб жана Фейсбук баракчаларына айттырышканы толук кандуу изилденеби? Бул Д.Абдыкаров УКТМны аңдыгандын ордуна өзүнүн кол астында иштеген жашыруун 7-башкармалыктын опер кызматкерлерин саясатчылардын же болбосо акчалуу ишкерлердин үстүнөн иштетип келгени айтылууда. Жогорудагы башкармалыктын түштүк бөлүмүндө иштеген өзүнүн алайлык жердеши Канат аттуу опер кызматкерин Бишкек шаарына алып келип, ак түстөгү “Степвагондо” ичинде тыңшоочу аппараттары менен Канатбек Исаевдин үстүнөн бир ай иштеткенин билбей калат деп турабы?! Чүйдүн белдүү жигити Исаевди болбогон жалаалар менен кармап, түрмөгө тыгышканы эртеби-кечпи ачыкталат го? Акыры чындык жеңет! Баса, бул жакта килейген башкармалыкта алайлык жердешинен башка оперлер жокпу? Эмне үчүн Оштон алып келет? Демек, максат башкада. Мына, биздин милициянын жүзү!

Данияр Абдыкаровдун койгон кадрлары курусун… Жакында 2018-жылдын 13-мартындагы буйруктун негизинде Чүй облустук ИИББнын КИБнын башчысынын орун басары кылып Расул Казаков аттуу тажрыйбасы жок, бир кызматта үч айдан ашык иштей албаган немени апкелди. Көрсө, Расул Казаков тар чөйрөдө мактанып, “Даниярды мен 2010-жылы 6-апрель күнү Таласта эл көтөрүлө баштаганда, 5 автоматчик менен Бишкекке качыргам” дегени кандай? Суроого жооп беришпейби? Көрсө, бул жигит ошол мезгилде, 2010-жылы революцияга чейин Бакай-Ата РИИБде биринчи орун басар болуп, Абдыкаровду Талас элинен качырган катуу сөз болуп келет. Мына эсептешүү! Анан кантип УКТМ менен күрөшөбүз, ушундай кадрдык жүрүштөр болуп жатса?

Дагы бир Абдыкаровдун койгон кадры Бишкек ШИИБни “менчиктештирип алган” Мирлан Муктаровдын уруксатысыз бир да уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн жана шаарда жайгашкан кумар ойноочу жайларга, элиталык сауналарга опер кызматкерлерине жана ошол аймакты тейлеген участковыйга да текшерүүгө тыюу салганы ачыкталабы? Ушак болбош үчүн талуу суроо берели: 2018-жылдын 4-март күнү ИИМдин КККББнын (ГУУР) чет өлкөлүк жарандарга каршы жасалган кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн А.Б. аттуу опер кызматкерин “сен Бишкек шаарынын Буденный-Салиева көчөсүндө жайгашкан элиталык “Пират” аттуу саунасына барып, текшерүүгө алыптырсың” деп Д.Абдыкаровдун буйругу менен кызматтан аргасыздан кеткендигине бул эки эргул эмне деп жооп берет? Бул элиталык “Пират” саунасы М.Муктаровго айына 1500 АКШ долларын берип турганы ырасталабы? Бишкек ШИИББнин кызматкерлеринин айтуусунда бул бир эле чети. Эгер азыркы ИИМге келген депутаттык комиссия Бишкек ШИИББсине келип, жашыруун анкетанын негизинде же болбосо өздүк курамды жыйындар залына алып кирип сурашсын, баарын айтып берүүгө даяр.

Акыркы убакта интернет булактарын ачсаң, бүт эле күч кызматкерлери тууралуу фактылар. Мындай терс көрүнүштөр мурда болгон эмес, себеби мурда такшалган кадрлар иштечү. Азыр алардын баарын Д.Абдыкаров куугунтуктап, жаш, быша элек кадрларды алып келип койду. Алар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү эмес, өз көлөкөсүнөн өздөрү коркуп жүрүшөт. Жогору жакка бул ыңгайлуу, анткени айтканын кылат, ал эми тың балдар укпайт болчу. Жакында бул эргулдар качат, көрөсүздөр го!

Урматтуу Сапар Исаков азыркы ИИМге келген комиссияны өзүңүз көзөмөлгө алсаңыз, баарысы ачыкка чыгат…

Автор: Улук Карыбасов

Булак: Азия Ньюс

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: