Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Шайназаров парламенттик жыйында Өкмөткө көпчүлүктүн көөнүнө жаккан өзгөчө сунуш айтты. Депутат мырза түз эле, “Мамлекеттин мүлкүн сатып ийгендерди баннерге сүрөтү менен ууру деп жазып илип койбойлубу, эл билсин алар ууру экенин”, – деп маселени кабыргасынан койду. Мындай чак түштө чагылган түшкөндөй сунушка өкмөт мүчөлөрү ак же көк дей алышпай, баштарын жерге салып салбырашты. Ырасында какшык аралашкан мындай шылдың турмуш чындыгына төп келип турат. Депутат таап айтты.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ