Алай районунун Будалык айылында 44 жаштагы аял уксус ичип каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБнин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, 17-октябрда маркум үйүндө ууланган. Ооруканага жеткирилген соң дарыгерлердин аракетинен майнап чыкпай, айылдык ооруканада каза болуп калган. Туугандары сөөктү соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышкан. Маркумдун артында 5 баласы жана жолдошу калды.
Учурда окуянын себебин тактоо иштери жүрүп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, маркум аял алдамчыларга ири суммадагы акчаны алдатып койгон, андан кийин уксус ичип алган.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ