Бүгүн, 9-февралда КР Генералдык прокуратурасы премьер-министр Сооронбай Жээнбековго КР Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашевди кызматынан кетирүү боюнча сунуштама жөнөткөнү белгилүү болду.
Генпрокуратуранын билдирүүсү боюнча Тайырбек Сарпашев мурунку президенттин уулу Максим Бакиевдин Бишкек шаарынын Скрябин көчөсүнүн 45-дарегинде жайгашкан, Уляна Пак деген жакындарына катталган жеке менчик кыймылсыз мүлкүн прокуратуранын эскертүүсүнө карабай башка бир жарандарга мыйзамсыз каттатып берген. Муну менен Сарпашев “Коррупцияга каршы күрөшүү” боюнча мыйзамдын 14-беренесин бузган.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ