Menu

Мамлекеттин жазга даярдыгы кандай?

Бөлүшүү:

Өткөндө өкмөттүн капшабына айыл чарба министрлиги туш болду. Негедир жазга карата даярдыктар көңүл толтурбайт. Айыл чарба техникаларынын даярдыгы деле суктанарлык эмес. Айрым жерлерде калдайган темир корпусу гана калган тракторлор, комбайндар көргөн кишинин көзүнө комсоо көрүнөт. Болгону менчик техникалардын абалы дурус. Анткени ошонун эсебинен нан таап аткандар колдон келишинче бурамаларын бурап, дөңгөлөктөрүн жаңылап, майлоочу майларын эртерээк камдап алууга кызыктар. Элеттеги дыйканчылык иштерин ошолордун көмөгү менен бүткөрүүгө айылдыктар биротоло көнүп алышкан.

Ал эми мамлекеттин көзүн карагандардын бүгүнкү күндөгү акыбалы мышык мыёологудай. Сапаттуу үрөн менен камсыздоо маселеси унутта калтырылган. Демек, түшүм алууга мүмкүнчүлүктөр толук шартта түзүлбөгөн. Жер семирткичтерди даярдоо жаатында деле оңдуу жылыштар жок. “Алма быш, оозума түш” – дегендей абалды көрүп зээниң кейийт. Ошондон улам убагы өтүп баратканда дыйкандар кымбат баада жер семирткич­терди алууга мажбур болушат. Күйүүчү майлардын эмитен керектүү запасын топтоого көңүл бурулушу кажет. Өткөн жылы табигаттын жаанчыл болгону өз пайдасын берип, айыл чарба эгиндери, пахта, кызылча, нокот арбын жыйналды. Ал тургай кызылчанын түшүмү кар алдында жыйналбай калды. Бул дыйкандарга кедергисин тийгизди. Быйыл аба-ырайы кандай, дыйканчылыкка тийгизген таасири эмне болорун эч ким билбейт. Ошентсе да дыйкандарга 6-10 пайыздык насыялар 36 айга чейин берилерин улам айтып жатышат. Элдин курсагын тойгузган дыйкандарга камкордук ушинтип көрүлөрү чын болсо ийгилик жаралмак. Мындай жөрөлгөнү өкмөт ылайым жандандырып, элеттиктердин демин жылытса экен. Дасторкондо нан, шекер, күрүч, май арбын болсо элдин маанайы жарыкка бөлөнөт.

Булак: “Ачык сөз

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − 56 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: