Menu

Дастан Жумабековдун балага сүйүнчү берген окуя боюнча сотко чейинки иликтөө башталды

Бөлүшүү:

“Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Дастан Жумабековдун жаңы төрөлгөн ымыркайга 50 миң сом өлчөмүндө сүйүнчү берген фактысы кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу “Бир Дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылы билдирет.

Сотко чейинки тергөө иштери КРын Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренесинин 2-бөлүмү (добуштарды сатып алуу) боюнча башталган.

“Бир дүйнө” кыймылы Ички иштер министрлигинен жана Башкы прокуратурадан мыйзамсыз иш-аракеттери ири нааразычылыктарга жана кайгылуу кесепеттерге алып келген жарандарды (талапкерлерди) жана партияларды аныктап, жоопко тартууну талап кылууда.

Белгилей кетсек, 14-сентябрда социалдык түйүндөргө “Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен шайлоого бараткан Дастанбек Жумабеков жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берип жаткан сүрөттөр жарыяланып, эртеси өчүрүлгөн.  Дастан Жумабеков парламенттин төрагасы жана “Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер болуп, региондорго болгон иш сапарынын алкагында Талас районундагы жаңы төрөлгөн ымыркайга 50 миң сом берген. Алгач ал бул акчаны өздүк каражаттарынан бөлгөн деп айтылып, кийинчерээк төраганын фондунан берилген деп жарыяланган. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: