Menu

Казакстанда вирус жуктурган дарыгерлерге бюджеттен компенсация төлөп берүү токтотулду

Бөлүшүү:

Казакстан бийлиги жумуш учурунда коронавирус жуктурган дарыгерлерге мамлекеттик бюджеттен компенсация төлөөнү токтотту. Бул тууралуу 21-ноябрда өткөн брифингде саламаттык сактоо минстринин орун басары Марат Шоранов билдирди.

Анын айтымында, эгер медик жумуш учурунда ооруп калса, ага медициналык мекеме, кесиптик кошуун же акимчилик колдоо көрсөтөт.

Марат Шоранов коронавирус эпидемиясы жарыялангандан бери 12 983 медик илдет жуктуруп алганын билдирди. Аймактык комиссиялар түшкөн арыздардын 72% (9 309) канааттандырган. Бүгүнкү күнгө карата 8 863 кызматкер компенсация алды. Чиновник 182 медик коронавирустан өлгөнүн, баарынын үй-бүлөлөрүнө кун төлөнгөнүн кошумчалады.

Буга чейин казак өкмөтү коронавирус менен күрөшүүгө тартылган медициналык кызматкерлерге 212 миң теңгеден ($494) үстөк акы төлөөгө убада берген.

Иш учурунда коронавирус жуктуруп алган медиктерге 2 миллион теңге, илдеттен көз жумган кызматкерлерге 10 миллион теңге ($23 316) компенсация берүү боюнча чечим чыккан.

Жазында жана жайында ондогон медиктер үстөкакы ала турган кызматкерлердин катарына кирбей калышканына даттанышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: