Бүгүн, 28-апрелге карата Кыргызстанда дагы 13 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Чүй облусунда – 6, Бишкек шаарында – 3, Жалал-Абад облусунда – 2, Нарын облусунда – 2 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 708ге жетти. Алардын ичинен:
– Ош облусунда — 160 адам;
– Жалал-Абад облусунда — 113 адам;
– Ош шаарында — 110 адам;
– Бишкекте — 167 адам;
– Нарын облусунда — 88 адам;
– Чүй облусунда — 52 адам;
– Баткен облусунда — 8 адам;
– Ысык-Көл облусунда — 10 адам.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ