Бүгүнкү күндө Кыргызстанда качкын макамына ээ 168 чет өлкөлүк жашайт. Бул тууралуу мамлекеттик миграция кызматынын качкындар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Гүлайда Орозалиева маалымдады. Анын айтымында, 87 качкын Сириядан, 61и Ооганстандан жана 15и Украинадан келген. 2011-жылы мартта өкмөткө каршы демонстрациялар менен башталган Сириядагы жарандык согушта жалпысынан 400 минден ашык киши каза болуп, 5 миллионго жакын сириялык өлкөсүн таштап кетүүгө аргасыз болгон.
Булак: ”Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ