Menu

Нурдин Сулайманов: “Менин оюмда Илмиянов психологиялык стресске дуушар болуп жатат”

Бөлүшүү:

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов УКМКнын тергөө абагындагы жалгыз кишилик камерага которууну суранды. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов кабарлады.

“Биздин кызматкерлер кечээ, 29-октябрда ага кирип чыгышты. Анын камактагы шарттарын көрдүк, ошондой эле тергөө органдары тарабынан басым болбогондугу текшерилди. Негизи тергөө абагына болгон сапарыбыз Жантөрө Сатыбалдиевдин арызынын негизинде болгон. Бирок мүмкүнчүлүк болгондуктан Илмияновго да жолуга чыктык”.

Нурдин Сулайманов экс-президенттин мурдагы кеңешчиси Илмиянов эч нерсеге даттанбагандыгын белгиледи.

“Тергөө абагынын администрациясы бизге Илмияновдун өзүн башка, жеке кишилик камерага которууну сурангандыгын билдирди”, – деди ал, – “Бул эмнеге байланыштуу экендигин билбейм. Менин оюмда ал мындай жабык мекемеге камалып калып психологиялык стресске кабылса керек”.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун директору камактагы башка жарандарга анын кызматкерлери кирбегендигин кошумчалады.

“Алар көптөн бери отурушат, биз аларга мурда киргенбиз. Азыр эч кандай талаптар жок”, – деди Нурдин Сулайманов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: