Menu

Ооганстанда аскер тик учагы кыйроого учурады

Бөлүшүү:

Ооганстан армиясынын тик учагы өлкө батышында кыйроого учурады. Кырсык Фарах провинциясында жайгашкан Анар-Дара тоосунда орун алды.

Ооган армиясынын Фарах провинциясындагы атайын өкүлү Нурулхак Холики авария учурунда тик учактын бортунда 20 киши болгонун тастыктады. Алардын арасында Фарах провинция кеңешинин башчысы Фарид Бахтавар, кеңештин мүчөсү Жамила Амини, 207-армиялык корпустун башчысынын орун басары Негматуллах Халил бар.

Холикинин айтымында, тик учак Герат шаарына бараткан жана аба ырайынын оор шартына байланыштуу Анордара шаарынан алыс эмес жерде кулап түшкөн.

Тик учактагы жүргүнчүлөрдүн тагдыры тууралуу маалыматтар келе элек. Бирок жергиликтүү ММКлар кырсыктан аман калгандар жок экенин билдиришүүдө. Анордара районуна куткаруучулардын алгачкы тобу келди.

Бул арада Ariana News порталы окуя үчүн жоопкерчиликти “Талибан” кыймылы өзүнө алганын билдирди. Талиптер аскер тик учагын атып түшүргөнү айтылууда.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: