Menu

Каныбек Иманалиев, ЖК депутаты: «Бүгүнкү күнү сот бийликтин филиалына айланып калды»

Бөлүшүү:

— Каныбек Капашович, “Ата-Мекен” фракциясы сот, прокуратура тармагы чирип кетти, кимдир бирөөнүн буйругун гана аткарып калды деп кыйкырып эле жүрөсүздөр. Президенттин Коопсуздук кеңешинде сот, прокурор, атайын кызмат, ИИМ тууралуу ачуу чындыкты угуп, моокумуңар кандыбы?

— Кыргызстандагы эң чоң бийлик органдардын бири бул Коопсуздук кеңеши. Кыргызстанда биринчи жолу Коопсуздук кеңешинде соттор маселеси каралды да. Демек, соттор Кыргызстанда адамдын укугун коргой турган эмес, кордой турган орунга айланып бараткандыгы жалпы өлкөгө белгилүү болгон. Мисалы ала турган болсок, кедей менен бай соттошсо сөзсүз түрдө бай утуп чыгат. Оппозиция менен бийлик соттошсо жүз пайыз бийлик утат. Президентибиз өзү айтып жатпайбы, коррупциялык иштер тууралуу экөө гана сотко жетиптир деп. Ал эми оппозициялык иштердин жүз пайызы сотко жетип жатпайбы. Сот бул мамлекеттин өзөгү. “Үзөңгүдөн бут таят” деген элибизде макал бар. Соттун үзөңгүдөн бут тайгандыгы бул мамлекеттүүлүктүн тамырына доо кеткендиги. Өкмөт келип кете берет. Эмне үчүн эки чоң төңкөрүштө 2005–2010-жылдары президенттерибиз кетти, биз мамлекеттүүлүгүбүздү сактап калдык. Себеби, сот системасы стабилдүү иштеп турган эле. Ал эми азыр болсо президент өзү “Коомчулук сотторго таптакыр ишенбейт. Сот системасынын тамыры чирип баратат” деди. Бир америкалык дипломат менен жолугуп калсак ал “Американын Кыргызстандан бир эле айырмачылыгы бар, Америкада сот эркин” деди. Сот ордунда болсо, бизнес да өнүгөт. Сот ордунда болбосо, инвестор да келбейт. Себеби ишеним жок болот. Сот ордунда болбосо, мамлекеттүүлүк да болбойт. Анан айла жок криминалдык чөйрөлөргө барат, диний агымдарга кетет. Биз мамлекетке салык төлөгөн соң мамлекет биздин укугубузду коргош керек. Кудай астында бардык жарандар бирдей болгон сымал, соттун астында ар бир жарандын укугу бирдей болууга тийиш. СССР учурундагы эң чоң жетишкендик, укуктук мамлекет болгонбуз. Бүгүнкү күнү сот бийликтин филиалына айланып калды. Эгерде мыйзамдуулук сакталбаса, Конституция аткарылбаса, мамлекеттин үстүнөн дискредитация болсо, бул элдин азайгандыгына, Кыргызстандын территориясынын азайганына барабар. Мамлекеттүүлүк үч учурда азаят. Жери кыскарса, эл азайса, мамлекеттик институттар мыйзамды сактай албаса. Бүгүнкү болуп жаткан окуялар суверенитетке сокку урганга барабар. Кеп төрт-беш оппозицияны соттоп койдук, төрт журналистти соттоп койдук дегенде эмес. Мисалы, Навальный деген Путиндин оппоненти күн сайын Путинди сындайт. Путин ошону кырк жылга кестирип жиберткенге бийлигинин күчү жетет. Орус соту ашып кетсе Навальныйга бир жума берет. Анан административдик айыпты төлөйт. Камай албайт, себеби аны камаса Россия укуктук өлкө деген статусуна доо кетирет. Сырткы инвесторлор келбей калат. Бизде болсо учурда киримтөбөлдөрүнөн коргонуч издейт. Себеби биздин укуктук органдарыбыз укугун коргоп бере албай, акча талап кылып жатса, соттордон адилеттүүлүктү күтпөсө, кимге барып даттанат? Айла жок дин уюмдарынан адилеттүүлүк издейт да жарандарыбыз..

Булак: Жаңы Ордо 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 + = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: