Menu

Кабай Карабеков, журналист: “Келгиле, жаңы президент Сооронбай Жээнбековго иштөөгө убакыт берели”

Бөлүшүү:

Коопсуздук кеңешинин акыркы отурумунда, президент ИИМ, Башкы Прокуратура жана УКМКнын дарегине катуу сындарды айтты. Сиздин көз карашыңызда, коррупция менен катуу күрөшүү болобу же сөз бойдон калабы?

– Негизи күтүүсүз болду. Мен да аябай таң калдым. Көп адамдар менен баарлаштым, президенттин таамай жана ачык сүйлөгөнү көбүнө жагып жатат. Эмнеге дегенде, президент соттор жана күч органдары коррупциялашып кеткенин жана алар өлкөнүн жараандарын коргобостон, жалаң өздөрүн коргоп жашап жатканын айтып жатса – бул албетте чындык да. Мен ойлойм, мындай сөздөрдөн кийин катуу иш башталышы керек жана президенттин жаңы командасынын планы бар. Себеби коомчулука билдирүү жасап туруп, аны иш жүзүндө далилдебесе эч ким ишенбейт.

Иш жүзүндө далилдеш керек дегенде, сиз аталган органдарынын башчыларын отставкага кетириш керек дейсизби?

– Качан, сот бийлиги, күч структураларынын 90% коррупциялашып кеткени жөнүндө сөз болуп жатканда, көйгөйдү тамырынан чечиш керек. Антпесе, биздин кыргыз саясатында оң колго чапсаң, сол колу менен уурдай берет. Мындай саясатты токтотуш керек. Болбосо коомчулукту оңдой албайбыз. Көйгөйлөр да чечилбейт. ТЭЦтин модернизациясына окшогон жеп ичмейлер көбөйгөндөн көбөйө берет.

– Сооронбай Жээнбековдун саясаты экс-президенттен көз карандуу болушу мүмкүнбү?

-Эгер, экс-президент өзүнүн кадырын салып жаңы бийлике басым жасаганын токтотсо, бул биринчи кезекте Алмаз Атамбаевдин өзүнө жакшы. Ошондо гана коомчулук мурдагы президентти өз алдынча саясатчы катары баалап калышат. Бирок азырынча андай боло элек.

Атамбаев саясатта калаарын айткан. Бирок ал өзүнүн идеаларын жаңы бийлике таңуулап, жаңы президентке бут тоспош керек. Сооронбай Жээнбеков өз алдынча иштешине мүмкүнчүлүк бериши керек. Жалгыз ушул позиция гана өлкөгө пайдасын берет.

Баардык жерде жаңы шайланган президент сөзсүз өзүнүн командасы менен келет. Мисалы экс-президенттин жана анын командасынын 6 жыл убактысы болду. Алар эмне иштерди кылып үлгүрдү, баарыбыз көрдүк. Эмне кылганын билебиз. Эми келгиле жаңы президенттин иштешине мүмкүнчүлүк беришсин. Биз да аларды Атамбаевдин кадры катары эмес, өз алдынча саясат жүргүзө ала турган президенттин иштерин баалап көрөлү.

Маектешкен Адиль Турдукулов

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 + = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: