Menu

Өзбекстанда оор беренелер боюнча соттолгон атайын кызматтын полковниги жооптуу кызматка кайтып келди

Бөлүшүү:

Өзбекстанда оор беренелер боюнча соттолуп чыккан Таймураз Алимов 2019-жылы Улуттук коопсуздук кызматынын Кашкадарыя облустук башкармалыгынын башчысы болуп дайындалганы белгилүү болду. Бул тууралуу “Озодлик” радиосуна бири биринен көз карандысыз үч булак билдирди.

13-августта Өзбекстандын укук коргоо органдарында иштеген кызматкерлердин бири анонимдүүлүктү сактоо шарты менен 44 жаштагы Таймураз Олимжонович Алимовдун аты-жөнүн штаттык тизмеден көргөнүн билдирди.

Экинчи булак Таймураз Алимовду Кашкадарыя облустук администрациясынын жыйынында байкаган. Үчүнчү булак болсо анын аты-жөнү облустук администрациянын буйруктарынын текстинде белгиленгенин айтты.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы түрмөдөн Таймураз Алимовдун бошотулганы жана кайрадан атайын кызматка жумушка орношкону тууралуу маалымат боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

“Оздолик” Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматы менен байланыша алган жок.

2017-2018-жылдары Өзбекстан Улуттук коопсуздук кызматынын коррупция жана кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын башчысы болгон 44 жаштагы Таймураз Алимов 2018-жылы 26-февралда камалган. Ага каршы “Атайлап киши өлтүрүү”, “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” жана “Күнөөсүз кишини жоопкерчиликке тартуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: