Menu

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин башчысынын уулу каракчылыкка шектелип камакка алынды

Бөлүшүү:

Кыргызстандын Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Шухрат Сабировдун уулу Кант шаарындагы унаа токтотуучу жайдан унаа уурдоо жана тоноо фактысына шектелип кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media басылмасы укук коргоо органдарындагы өздүк булактарына таянып жазып чыкты.

Маалыматтар боюнча, 1996-жылы туулган Аброр Сабиров кечээ, 9-сентябрда кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ал 7-сентябрь күнү саат таңкы 04:00 чамасында Аброр Сабиров шериги менен биргеликте Ысык-Ата районунда жайгашкан унаа токтотуучу жайдын кароолчусун сабап, аны байлап, “Хонда Элизион” жана “Тойота Альфард” үлгүсүндөгү эки унааны уурдап кеткен деп шектелүүдө. Аталган автоунаалар Бишкектеги жаңы конуштарынын биринен табылган.

Белгилей кетсек, унаалар КР Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын тергөө органдары тарабынан камакка алынган. Бирок 7-сентябрда унаалар уурдалып, факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: