Menu

Тажикстан менен Түркмөнстан дин эркиндигин одоно бузган мамлекеттердин катарына кирди

Бөлүшүү:

КЭР, Иран, КЭДР, Сауд Аравиясы баш болгон бир топ мамлекеттерди АКШ дин эркиндигин одоно бузган мамлекеттердин тизмесине киргизди. Ал эми Россия менен Өзбекстан байкоодо турган өлкөлөрдүн катарына кошулган. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео маалымдады.

“Менин аныктамам боюнча, Бирма (Мьянма), Кытай, Эритрея, Иран, Түндүк Корея, Пакистан, Судан, Сауд Аравия, Тажикстан, Түркмөнстан дин эркиндигине такай жана олуттуу кысым кылган, 1998-жылы кабыл алынган АКШнын эл аралык диний эркиндик тууралуу мыйзамына өзгөчө кооп тудурган мамлекеттер”, -деген АКШ мамкатчысынын билдирүүсүнө караганда, Комор аралдары, Россия жана Өзбекстан дин эркиндигин бузгандыгы, же бузууга жол бергендигинен улам, байкоодо турган мамлекеттердин атайын тизмесине кирген.

М.Помпеонун айтымында, дале дүйнөнүн көп жерлеринде адамдар өз динине таянып жашагандыгы үчүн гана куугунтукталып, камалып, ал тургай өмүрүнөн да ажырап келатат. Ал эми АКШ бул өңүттөгү кысмактоолорго тим гана байкоо жүргүзүү менен чектелгиси келбейт.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: