Ишемби, 30-ноябрь күнү Айыл чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек
Чодуев Сокулук районуна караштуу Жаңы Пахта айылында жайгашкан «Жаңы Пахта»
үрөнчүлүк чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууга министрдин орун басары Жаныбек Керималиев, Айыл чарба өсүмдүктөрүн
экспертизалоо боюнча департаментинин директору Таалайбек Айдаралиевдер катышты.
«Жаңы Пахта» үрөнчүлүк чарбасынын жетекчиси 2019-жылы аткарылган иштер боюнча министрге
маалымат берди. Эркинбек Чодуев үрөнчүлүк чарбада жакшы иштер аткарылып жатканын, аны
менен кошо кемчиликтер да бар экендигин билдирди.
Министр үрөнчүлүк чарбанын жетекчисине кийинки жылга карата аткарыла турган иштердин
конкреттүү пландары жок экендигин айтып сынга алды. Андан кийин чарбанын жетекчиси
кампада сакталып жаткан үрөндөрдү, техникаларды министрге көрсөттү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ