Москва борборунда коммунисттер партиясы “Солчул фронт” кыймылы менен бирге демонстрация өткөрүштү. Алар “Социалисттик революция жашасын” жана “Советтер өлкөсү менен сыймыктанабыз” деген ураандарды чакырышты.
Жүрүштүн катышуучулары Ленин, Сталин жана Че Геваранын сүрөттөрүн көтөрүп жүрүштү. Митингдин катышуучулары акцияга 80ден ашуун өлкөнүн 120 саясий партиясынын өкүлдөрү катышып жатканын маалымдашты. Коммунисттер партиясынын башчысы Геннадий Зюганов жылуу өлкөлөрдөн келген делегациялар Москва аязында үшүбөсүн деп атайын күрмөлөрдү алып коюшканын кошумчалады.
Томск шаарында революциянын 100 жылдыгына арналган жүрүштө коммунисттер бийликти алмаштырып, бекер батир берген учурга кайтып келүү зарылдыгын билдиришти. Мындан тышкары алар президент Владимир Путинге кайрылышып, “согуш балдары” тууралуу мыйзамды кабыл алууну жана Лениндин сөөгүн кайра көмүү маселесин жабууну талап кылышты.
Севастополдо дагы коммунисттер партиясы Октябрь революциясынын 100 жылдыгын белгилешти. Жергиликтүү бийлик митингди мурдагыдай Нахимовдун эстелигинин алдында өткөрүүгө тыюу салды
“Яблоко” либералдуу партиясы болсо Москвадагы акциясын революциянын урматына эмес, эркиндик жана демократияны коргоочулардын элесине арнашты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ