Menu

Айнура Алтыбаева: “Бишкек ТЭЦин модернизациялоого Кытайдан $386 млн карыз алдык эле, натыйжада кайра эле казак көмүрүнө көз каранды болуп олтурабыз”

Бөлүшүү:

“Бишкек ТЭЦин модернизациялоого биз Кытайдан 386 млн доллар акча каражатын карыз алып жумшаганбыз, бирок анын натыйжасы анчалык алымсындырбай жатат”, – деп билдирди ЖК депутаты Айнура Алтыбаева кечээ, 18-декабрда парламенттин Бюджет жана каржы боюнча комитеттин отурумунда.

“ТЭЦтин мештери жергиликтүү көмүргө ылайыкташтырылат дешти эле, ошого карабастан, биз дагы эле Казакстандын көмүрүнө көзкаранды болуп отурабыз. Электр кубатынын баасын дагы төмөндөтө алган жокпуз», – деди  депутат Алтыбаева.

Эсиңиздерге сала кетсек, кыргыз бийлиги “Бишкек ТЭЦин модернизациялоого 30 миллион доллар кетет” деген эксперттердин эсебине карабай Кытайдан 386 миллион доллар карыз алып ТЭЦти оңдошкон. Ошол эле учурда көз карандысыз эксперттер “350 миллион долларга Бишкектин ТЭЦиндей жаңы ТЭЦ салып алууга болот” деп билдиришкен. Бийлик Бишкек ТЭЦин модернизациялоо бүтөрү менен казак көмүрүнөн баш тартып, кыргыз көмүрлөрүн жага баштайбыз, атамекендик өндүрүштү колдойбуз жана электрэнергиясы арзандайт деп убада кылган.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 + = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: