Menu

Өзбекстанда үч эмди Шавкат, Миромон, Мирзиё деп аташты

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Хорезм облусунда төрөлгөн үч эмге өлкөнүн азыркы президенти Шавкат Мирзиёевдин ысымы ыйгарылды.

29 жаштагы Мансурбек Матжонов балдарына Шавкат, Миромон жана Мирзиё деген ат койду.

Бул жаңы төрөлгөн балдарга өзбек президентинин аты ыйгарылган алгачкы учур эмес. Мурдараак Бухаранын жашоочусу Жамшид Шодиев дагы уулдарын Шавкат, Миромон жана Мирзиё деп атаган.

Балдарына өлкө жетекчисинин атын берүү тенденциясы Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун тушунда эле болгон. Үч жыл мурун Анжиян облусунда төрөлгөн наристелерди Исломжон, Абдугани жана Каримжон деп аташкан. 2013-жылы Ташкентте жарык дүйнөгө келген төрт эмге Хасан, Хусан, Ислам жана Карим ысымы ыйгарылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − 25 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: