Menu

Ырыс Жоомартова, актриса: “Тарыхый тасмаларга тартылууга чакырышса, чачымды кырууга да даярмын…”

Бөлүшүү:

Бир топ тасмаларды тартып, бир топ кинолордо роль жаратып, тынымсыз эмгектин арты менен элдин кадырына татыган актриса Ырыс Жоомартова кызыктуу маек куруп берди.

– Ырыс айым, учурда эмне менен алексиз? Тасма тартуу, элге жайылтуу жагынан оперативдүү элеңиз, эмнегедир быйыл тынчсыз…

– Адаттагыдай эле изденүүдөмүн. Учурда “Апам аябай бактылуу” аттуу комедиянын үстүнөн иштеп жатабыз. Буюрса ноябрь айында элге тартуулайлы деген максатыбыз бар. Тасмада шеринелеш досторум Юрий Бобков, Гүлшайыр Садыбакасова, Динара Акулова, Расул Маматкулов, Алтынай Нарбаева, Шахрезада Аскарова, Гүлнара Тойгонбаева, Райхан Абдувалиева, Салима Балтаевалар тартылып жатат. Буюрса эл сүйүп көргөн тасма болот деген тилегим бар.

– Тарыхый тасмаларга тартылуу планыңызда барбы?

– Тарыхый тасмаларга тартылууга чакырышса тартылуудан баш тартпайм, чачыңды кырышың керек дешсе да макулмун. Себеби бул менин кесибим.

– Университетте сабак бересиз, студенттерге койгон негизги талабыңыз? Азыркы студенттер менен сиз студент учурдагы студенттердин ортосундагы айырмачылыкка токтолсоңуз?

– Кыргыз улуттук университетинде сабак берем. Китепти көп окууга талабым чоң. Интернет, телефондон алыстатуу максатында бир топ иштерди алып барам. Азыркы студенттер жеңил жашоону эңсешет. Жалкоорок, китеп окушпайт, таң атканча социалдык тармактарда отурушат. Биз студент кезде китеп көп окучубуз, мугалимдерди сыйлачубуз. Азыркы студенттер китепканага барышпайт, тиктегендери интернет, баарын телефондон эле билип алгылары келет. Кыскасы жалкоолук алардын желкесинен басты. Сабакка келбей, иштеген студенттер да жок эмес. Сапаттуу билим албай калгандары да ошондон.

– Өзүңүз социалдык тармактарга көп убактыңызды жумшайсызбы? Эгер шарты келсе баш тартууга эркиңиз жетеби?

– Социалдык тармактар адамдын жашоосун жеп жута турган нерсе экенин билем. Телефонду көп кармабаганга аракет кылам. “Инстаграм” баракчамды кыздар иштетишет. Ошолор сүрөт киргизип, ошолор билет. Өзүм психолог болгондон кийин социалдык тармактарда көп отурбоону сунуштайм.

– Психология тууралуу кеп кылып калдык, психолог катары айтсаңыз, азыркы келиндер мурунку келиндердей эмес деп кайын энелер көп айтат, бирок азыркы чоң энелер мурунку чоң энелердей эмес деген келиндер да аз эмес. Илгеркидей небере баккан энелер аз. Себеби эмнеде деп ойлойсуз? Сиз өзүңүз небере багып үйдө отурат белеңиз?

– Заман түп тамыры менен өзгөрдү, азыркы келиндер кайын эне, кайын аталарга чай куюп берип чогуу жашагылары келишпейт. Ыймандуу келиндин ысык чайын ичиш кыйын болуп калды. Азыркы чоң энелердин күйөөлөрү иштебей жатышса, чоң машинаны айдап аркыратып, акча таап жүрүшсө кайдан небере багышсын? Өзүм келин алып, кыз бере элекмин.

– Буюрса ошол күнгө жеткирсин Кудай, кандай кайын эне болом деген ойлор келсе керек?

– Рахмат, мурдатан эле уулум Айбек менен кызым Наргизага эркиндик бергем. Каалагандай жашагыла, жашоо силердики дегем. Бирок эмгек деген нерсенин баалуулугун кулактарына куюп келем. “Иштесең тиштейсиң” деген нерсени билишет. Эрте ойгонуу эртең мененки ырыскы экенин билишет.

– Келин алсаңыз ага да эркиндик бересизби?

– Ооба, каалагандай жашашсын бир келген жашоодо. Келин да бирөөнүн чырактай кызы, чынары. Менин иштермандыгым, тазалыгым, элге жасаган мамилем, аракетчилдигим келиниме тарбия деп ойлойм. Балдарыма катуу сүйлөп какпай, жайдары сүйлөп тарбия бергем. Эки баламдын тең мүнөзү ошого жараша жакшы чыкты. Келиним да балдарымдай тартиптүү, тарбиялуу болот деп тилек кылам. Азыр уулум Европада евротур менен жүрөт. Кызым ыр жаздырып ырдай баштады.

– Тасмадан көрүп каардуу айым го дегем, мүнөзүңүз такыр башкача экен дегендер болобу жашоодо?

– Мындан ары жоош, жайдары ролдорду аткарганга аракет кылам. Өзүм жөнөкөй жана ак көнүл адаммын. Эл ролдогудай кабыл алаарын мурда билбептирмин, кечирээк түшүнүп калдым. Роль деген нерсени түшүнбөгөн адамдар бар экен да.

Маектешкен Нуркыз Рыскул кызы

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: