Menu

Орозбек Бөрүгуловдон аскиялар: “Чымыны” жок журналисттер

Бөлүшүү:

Мен Жалал-Абад облусундагы педагогикалык “Дил” гезитинде иштеп жүргөн кезимде редакциянын кабинетинен таланты жок кабарчыларды өз көзүм менен көрүп, таң калгам. Көрсө, редактор аларды “жазганга шыгың жок болсо деле мейли, гезитке чыккысы келгендердин акчаларын эптеп алып келип берип турсаң эле болду” деп жумушка алган экен.

Бирөөнүн чөнтөгүндөгү акчаны “культурный” сурап алганга деле өзгөчө эпчилдик керек турбайбы. Ошондой кызматкерлердин бири гезит бетине “жылдыз” болуп чыккысы келген дыйкандан (же башка кесип ээсинен) 600 сом алса, 300 эле сом берди деп редакторду алдап, 300 сомдун да 30 пайызын сыйлык катары алып калчу. Ал эми каарманынын аты-жөнүн эле туура жазып келгени жетиштүү, макаланы тигинин атынан редактор өзү “шилтечү”. Тиги байкуш өзү жаза албаса кантсин анан?.. Бирөөсүнүн “президент” деген сөздү “пиздент” деп жазып алганын көрүп, каткырып күлгөнбүз. Андан калса, өзүнүн фамилиясына “журналис” деп жазып койгонучу, “т” да бар экенин билбей.

Эми андай макала жаза албаган “журналисттерге” таң калбай деле калдык. Ал тургай, айрымдары бирден гезитке ээ болуп, таланттуу журналисттерди каалаганындай калчап иштетип жатышат. Ити чөп жегендери да бар.

Эмесе…

Айнагүл Алымжанова

Бул эжекебиз ишмердигин өз мезгилинде окурмандардын “сүймөнчүлүгүнө” айланган “Пайшамба” гезитин дүңүнөн алып-сатуудан баштаган экен. Окурмандардын талабын толук изилдеп бүткөн соң, жолдошу менен бирдикте “Сырдуу дүйнө”, “Периштем”, “Миң бир түн”, “Кылмыш жана жаза” сыяктуу онго чукул гезит ачып, өзүнүн жогорку билимин да пайдаланып, уюштуруучулугу аркылуу бир нече журналисттерди иштетип, такшалтып чыгарганы мактоого арзыйт. Бирок, ушул күндө А. Алымжанованын жалгыз гана “Сырдуу дүйнөсү” жашап жатат.

Кылычбек Султанов

Кыргызстандагы эң көп нуска менен чыгып жаткан “Супер-инфо” гезитинин кожоюну Султановдун эң алгач “Супер сканворддор” деген гезит чыгарганын мен жакшы билем. Бирок, өтүмү иттей начар болчу. Бул гезитти Кыкем өзү гезит базарына жеткизип, биринчи башталыштагы реализатордук милдетти алган раматылык Ишендин колуна тапшырып, өтпөгөнүн кайра олчойтуп ташып кетчү.

Бир жолу таңга жуук базарга келсем, кабат-кабат болуп жыйылган сканворд-гезиттеринин жанында Кылычбек туруптур, койкоюп. “Ишен байке кечикти го. Бир жакта  шашылыш бүткөрө турган жумуштарым бар эле”, – деп калды туйлап.

– Шашсаң, бара бер. Гезитиңди мен таркатып туруп, кимге канчадан кеткендиги тууралуу тизмени Ишенге жазып берем, – деп Кылычты жолго салдым.

Чындыгында, гезит сатуучулардын көпчүлүгү менен Ишендин мамилеси жок болчу. Гезитке өзү каалаган бааны коюп, арзандатып берүүсүн сурагандарга “алсаң ал, албасаң жогол, энеңдурайын” деп мурду менен тийген учурлары болгон. Мен гезиттерди бардыгына текши таркатып чыккан соң, түшкү ченде араң базарга келген кызымтал Ишенге тизме жазылган баракчаны сунсам, ал мындай деди:

– Оке, өзүң таркаттыңбы, эми акчасын деле өзүң чогулта бер. Менин убактым болгудай эмес. Андан калса, бул гезит өтө начар өтөт экен. 3000 штук гезит алсам, өтпөдү деп кайра эле ошончо гезитти ээсине кайтарып берип жатам. Уялып да бүттүм.

Ошентип, “Супер сканворддордун” таркатуучусу болуп да тыйын-тыпырга иштей баштадым. Экинчи жолкусун таркатып бүтүп, бир азга эс алмакчы болуп олтурган кезимде Кылычбек келип:

– Байке, “возвраттарды” бериңизчи. Алып кетейин, – деп калды.

Мен гезиттин түгөл өткөнүн айтып, акчасын толугу менен санап бердим. Муну күтпөгөн байкуш сүйүнгөнүнөн кыйкырып, мени кафеге киргизүүнү убада кылып жиберди. Албетте, убадасына деле турган жок. Ал тургай, гезиттин маараке тойлорунда да мен оозго алынбайм. Эгер  ошол кезде гезитин жакшы жолго коюп бербегенимде, улам-улам банкрот боло берип тажаган неме бир күнү “тойдум байдын кызына”- деп башка жумушка кетээри айкын болчу.

Күндөрдүн биринде “Супер сканворддун” жаңы номурун Закир деген жигит таркатып калса болобу. Мунун себебин Кылычбек мага минтип түшүндүрүп берди:

– Закир байке түндө бир коробка конфетин, ичимдигин көтөрүп алып үйүмө келиптир. “Гезитиң жакшы өтө баштады. Мындан кийин мен таркатып берип турайынчы. Гезитиңди менин колума тапшырсаң, типографиядан ташып жеткизип берип турам деп убара болбойсуң. Өзүм эле ташып алам. Менин машинам бар. Ороздун машинасы жок” – деп айтканынан улам уялып макул болдум. Андан калса, бул киши менен “Кыргыз руху” гезитинде иштешип калган элем. Бирок, мен өзүмдү Закирге караганда сизге жакынмын деп эсептейм. Гезитти, кааласаңыз, кайра өзүңүзгө алып берейин.

“Москвичи” бар Закирди аядым. Министрлик орунга отурууну көздөп жаткандан бетер пара сунуштап, араң максатына жетип атса…. Андан калса, мен акчадан абийирди жогору койгон адаммын.

Арадан көп өтпөй, “Супер-сканворддорго” “Супер-инфо” деген гезити да кошулду. Кылычбек азамат экен, күндөн күнгө такшалып, гезитинин тиражын көтөрүүдө анык бизнесмен экендигин көрсөттү, өзү нукура журналист болбогону менен.

Закиржан Бутаканов

Бул киши “подход” жолу аркылуу алган “Супер-инфо” гезитинин ырахатын далай көрдү окшойт. Айына миң доллардын тегерегинде пайда көрүп жүрүп, өз алдынча гезит ачып алганга жетишти. Гезитине азан чакырып,  “Тамчы” деген атты койду. Кийинчерээк “Дарыя”, анан “Деңиз” деген гезит чыгарам деп ойлосо керек.

“Тамчы” ушул кезде окумдуу гезиттердин катарында. Кут болсун! Закем базарда көп жүргөндүктөн, сатуучулардын көңүлүн алганды да унуткан жок. Ар майрамда белек-бечегин көтөрүнө келет, мурунку жетекчисинен айырмаланып. Кылычбек болсо, дүң базардагыларга белек бермек түгүл, салам айтканды унуткан.

Гүлбайра Турумова

Гүлбайра да макала жаза албайт. Бирок, “Кыргыз Караван”, “Кыз-жигит”, “Сүйүү-махабат” гезиттерин Жаныш Кулманбетовдон сатып алып, жигердүүлүк менен иштетүүдө. Ал тургай, бир нече китептин мукабасына автор катары да бул кыздын фамилиясы жазылып жүрөт. Кандайча дебейсиңерби? Акчасы жок жазмакердин чыгармасын сатып алып, өзүнүн атынан китеп кылып чыгарат экен. Эң алгачкы китебин “төрөп”, анан “Адашкан эгиздер” деп ат коюп берген “энеси” – Келдибек Назиров болчу. Ал эми башка китептеринин чыныгы энелери кимдер экенин териштирбей эле койоюн.

Айтор, “бала тапкандыкы эмес, баккандыкы” деген сөз бар. Өзүнүн аты-жөнү жазылып калган  китептерди Турумова тогуз ай көтөрүп, сай-сөөгү сыздап толгоо тартып төрөбөбөгөнү менен өгөйсүнтпөй жакшы асыроо менен алек. Менчик типографиясы да бар эмеспи. Китептерди арзан бастырып, арзан сатып, базарларда китеп сатуу менен араң тирилик кылган конкуренттерин талкалоо менен алек.

Негедир жазмакерлер мезгил өткөн сайын жакырланып, жакшы чыгарма жаза албай калган сыяктанат. Себеби, өздөрү китеп чыгарам дешсе, басмаканалар кагаздын кымбаттап кеткенин шылтоолоп асман мелжиген бааны оозанышат. Анан жакшы чыгарма жазуунун кандай кажети бар? Андан көрө чыгарма деп эптеп эле бир нерселерди чүргөй салып, “ме, китеп кылып чыгарып ал” деп бир бизнесменге сатып жиберсе… Ал эми калемгерлердин эсебинен мыкты тирилик кылганды өздөштүрүп алган немелер байыгандан-байып бара жатат деген сөздөр бар.

Жогорууда, урматтуу окурмандар, “чымыны” болбосо да журналистиканын нанын жеп, майын чайнап жаткан айрым ишкерлерибиз тууралуу азыноолак гана кеп кылдым. Жегендери аш болсун! Ар бирине тең чыгармачылык… тоюс, бизнесмендик ийгилик каалайм!  

Орозбек БӨРҮГУЛОВ

Булак: “Майдан.kg” гезити

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: