Menu

Иран: АКШ Венесуэлага бараткан танкерлерди токтотсо, дароо жооп болот

Бөлүшүү:

Ирандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) АКШ Венесуэлага күйүүчү май алып бараткан танкерлерди токтотсо, оор кесепеттери болорун эскертти.

Буга чейин «Рейтер» агенттиги Кошмо Штаттардын жогорку кызматтагы аткаминерине шилтеме кылып, Вашингтон Ирандын Венесуэлага күйүүчү май жеткирүүсүнө карата чара көрүүнү караштырып жатканын жазган.

17-майда Ирандын тышкы иштер министри Мохаммед Жавад Зариф БУУнун баш катчысы Антонио Гутерришке кат жөнөтүп, АКШнын ыктымал аракеттерин мыйзамсыз, чагымчыл жана кооптуу «деңиз каракчылыгы» деп атаган. Мындан тышкары катта АКШ өкмөтү мыйзамсыз аракеттердин кесепеттерине жоопкерчиликтүү болору, Иран бул коркунучтарга каршы зарыл чараларды көрүүгө укуктуу экени белгиленген.

Жавад Зарифтин орун басары Аббас Аракчи АКШнын Ирандагы кызыкчылыктарын коргогон швейцариялык элчини чакырып, танкерлерге карата Кошмо Штаттар тараптан кандай гана коркунуч болбосун, «дароо жооп болорун» эскертти.

Маалыматтарга караганда, Ирандын беш танкерине жүктөлгөн күйүүчү майдын жалпы баасы 45,5 миллион долларды түзөт. Ушу тапта бир кеме Жер ортолук деңизге жеткени, үчөө Атлантикага жакындап калганы кабарланууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 35 = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: