Menu

Кубанычбек Исабеков, экс-депутат: «Кыргыз мамлекети бир партиянын же бир кишинин менчик фирмасы эмес»

Бөлүшүү:

— Кубанычбек мырза, сиздин “Кумтөр” алтын кени боюнча көп иштерди жасаганыңызды коомчулук билет. Мамлекеттин үлүшүн көтөрүүгө да аябай чуркадыңыз эле. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын алтын кендеги үлүшү 26 пайызга түшүп калды. Сиз бул боюнча эмне демекчисиз?

— Азыркы бийлик мурунку бийликтин учурунда оппозицияда жүргөн. Мурунку бийликтин кылганын туура эмес деп жер тепкилешкен. Бул бийликтин келгенине сегиз жыл болду. “Кумтөр” алтын кенинде сегиз тыйынча өзгөрүү болгон жок. Анысы аз келгенсип өзүң айткандай биздин пайызыбыз да түшүп кетти. Мындан тышкары убагында эл аралык сот иштерине киши жиберип койбогондуктан, “Ак-Кеме” мейманканасы боюнча эл аралык сот мейманкананы түрк ишкеринин пайдасына чечип, өкмөттү соттоп, биздин мамлекеттин Центеррадагы акциясына арест коюп кармап алды. Эмне үчүн убагында юристтерди жиберип коюшкан эмес? Бул кимдин күнөөсү? Бул азыркы бийликтин күнөөсү! Убактылуу Өкмөттүн күнөөсү! Бул өкмөт декреттер менен иштебедиби. Мен революциядан кийин 8-апрелде эртең менен токтомду Отунбаеванын колуна бердиргем. Декрет деген болбостугун, муну илгери Ленин колдонгонун, бул бир дагы мыйзам актыларында, Конституцияда жок нерсе экенин, аял төрөрдө декретке чыгарын, учурда президент жок экенин, парламенттин төрагасы Санкт-Петербургда жүргөнүн, мен анын милдетин аткарып жатканымды айтып аларга арызымды жазып бергем. Мыйзам боюнча Убактылуу Өкмөттүн парламентти таратканга акысы жок болчу. Тескерисинче, өкмөттү парламент кетириши керек эле. Ал эми “самозванец” өкмөт парламентти кетирип жатпайбы. 2005-жылы болсо Акаев качып кеткенден кийин ошондо Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү биздин Жогорку Кеңешке Бакиевди алып келишкен. Мен ал кезде депутат болчумун. Биз ал кишини премьер-министр кылып бекиттик. Анан ал президенттин милдетин аткаруучу болуп туруп указ, токтомдорду чыгарган болчу. Ошондо биз өкмөттүн составын, структурасын бекитип бергенбиз. Ал эми бул жолкусунда ошол эле Текебаев, Бекназаровдор каршы чыгып болбой коюшту. Отунбаевага 9-апрелде жолукканда макул экенин айтты. Эми ошол учурда мыйзам чегинде кеткенде биздикилер утулбайт болчу.

— Декрет демекчи, аны тоготпогон ошол кезде чет өлкөлүк айрым шылуундар да кездешсе керек?

— Мисалы, АУБ банктын кожоюну Надель Убактылуу Өкмөттүн декретин жараксыз кылып, Эл аралык сотко берип, Кыргыз өкмөтүнөн 16 млн долларды утуп албадыбы. Анан Кыргыз өкмөтү төлөбөй жаткандан кийин Центеррадагы дагы эле багы жок биздин акчабызга арест коюлуп калбадыбы. Ошентип биздин пайызыбыз азайып жатат. Центеррадагы 33 пайыз пакет акция Кыргыз өкмөтүнүкү экендигин да айта кетпесем болбос. Анын үстүнө эң негизгиси алтын Кыргызстанда болуп жатпайбы. Ошон үчүн Ценрерраны багып жаткан жалгыз эле “Кумтөр” болуп эсептелет. Алар болсо курсагын тырмап коюп бизден дивиденттерди алып жатат. Анан эмне үчүн аларды тескеп ордуна коё алышпайт? Беш мүнөттө буларды ордуна коюп койсо болот. Биздикилердин анткенге каалоосу жок болуп жатпайбы.

— Бул кен боюнча эки тараптуу бир нече келишимдер түзүлбөдү беле. Кыргыз өкмөтү үчүн кайсы келишим ылайыктуу эле?

— Бүгүнкү күндө 2009-жылкы келишим тарыхы боюнча эң жакшы келишим болуп эсептелет. Ошол келишим менен гана пайызыбыз көтөрүлөт. Эмне үчүн ошондо бир ооз сунуш кылып коюшкан эмес? Баары эле сындаганга маш болуп жатышат. Убактылуу Өкмөт баш болуп мыйзамды бузганы үчүн азыр соттордон уттуруп жатабыз. Атамбаев премьер-министр болуп турганда Центеррадагы вице-президенттик орунга бир кишини дайындаган. Андан тышкары Директорлор Кеңешинде бизден эки киши отурат, 20 миң доллардан айлык алып коюп. Булар эмне текей оттоп жүрүшөбү? Тигилер кошумча акцияны чыгарып жатышканда Өкмөткө маалымат беришсе болот эле да. Булар мындай маселени көтөргүсү келишпейт. Себеби жанагы айлыктан кур калмак беле. Алар беш жылдыздуу отелдерге жатышып, бизнес-класстагы самолёт менен учуп жатышпайбы. Алардын ордун тез эле алмаштырып койсо болот да. Өкмөт эмне үчүн алардын эмне иш кылып жаткандыгы тууралуу сурап койбойт? Баарын беш колдой билген жигит “Кыргызалтындын” вице-президенти отурат ошол жерде. Ал жигит Кыргыз өкмөтүнүн кызыкчылыгы үчүн иштебейт. Ал СДПКнын мүчөсү.

— Кыргыз өкмөтү “Кумтөр” боюнча буга чейин элден жашырган дагы кандай фактыларды билесиз?

— Кыргыз бийлиги элден жашырып келген фактылар бар. Мисалы, “Кумтөрдүн” эсебинен Центерра Түркиядан, Тывадан, Канададан алтын кендерин сатып алган. Эми 26 пайыз болсо дагы биздин ал жактарда үлүшүбүз бар да. Эмне үчүн муну элден жашырышат? Учурда аталган мамлекеттерде изилдөө, казып алуу иштери жүргүзүлүп жатат. А биздин пайдабыз кайда? Эмне үчүн булар унчукпай жүрүшөт? Эл аралык сотко бергиси келсе бере берсин да. Мени дагы булар жер салыгы, бийик тоолуу коэфицент боюнча сотко беришкен. Мен булар менен 45 жолу соттошкондон тышкары үч маселе боюнча Кыргыз өкмөтү менен соттошком. Эки маселе боюнча утуп, бирөөсүндө утулган. Себеби бийлик бийликтигин кылат экен. Жер салыгы менен бийик тоолуу коэфицент боюнча баары эле төлөшөт. Канадада алтыны жок эле бир метр мындай эле жерди бизге эч ким бербейт. Эмне үчүн алар салык төлөбөшү керек? “Кумтөрдө” 55 кыргыз жараны өлдү. 129 киши майып болуп калды. Булардын үй-бүлөсүн ким багат? Алар алтын казып кете берсе, биз эколгиябызды талкалатып коюп майыптар менен кала беришибиз керекпи?..

— Жантөрө Сатыбалдиев премьер-министр болуп турган учурда Кыргызстандын 50 пайыз үлүшкө ээ болоору тууралуу маалыматты да жакшы билсеңиз керек?

— Бул келишим дагы чыккынчылык болгон. Себеби ал жерде мындай афёра бар болчу. Аны элден жашырышпадыбы. Мисалы, бир келишим боюнча Кыргызстандын акчасы тигил жакка ит бекер берилип жаткан. Анан кийинчерээк биргелешкен ишкана түзүлгөндөн кийин 50 пайызга бөлүнүп жаткан. Бирок Директорлор Кеңеши акча кимде болсо маселени ошолордун кызыкчылыгы үчүн чечет. Акча кимде болсо ошолор кожоюндук кылат. Алар болсо баарын алып бүтүп туруп анан Кыргызстан мүлжүгөн кар жиликтей кылып туруп ыргытып коймок. Ме 50 пайызды бөлүп алгыла деп. Анысы аз келгенсип экология бузулса да, жол талкаланса да Кыргыз өкмөтүнүн моюнуна илинмек. Аны эмне үчүн ачык айтышкан жок? Мен буга каршы чыгып Сатыбалдиевдин өзүнө да айткам. Жогорку Кеңешке киргизбей, сессияда сөз бербей койбодубу. Анысы аз келгенсип бюджетте каралбаган 86 млн сомду мыйзамсыз которуп Англиядан эки адисти Кыргызстанга алып келбедиби. Алардын бирөөсү Центерранын вице-президенти болсо, экинчиси юридикалык башкармалыгынын жетекчиси болчу. Ошондо Сатыбалдиевге “Ушулардан кантип жакшылык күтүп жатасың?! Биз соттошуп жүргөн кезде булар бизге каршы чыгышкан!” деп айткам. Кана эми Центерра боюнча кимиси соттолду?..

— Апрель революциясы болгондо Башкы прокуратураны өрттөп жиберишкенде ал жакта “Кумтөргө” байланышкан материалдар да бар беле?

— Башкы прокура өрттөнүп кеткенден кийин мен Башкы прокурорго, Жогорку Кеңешке кайрылып кайра материалдарды өткөрүп бергем. Ошондо 665 документти менден төрт күндүн аралыгында алып кетишкен. Анан кылмыш иштери соттон кыскаргандыктан Сазанов, Хоменюк сыяктуу аферисттер кетип калышты. Хоменюк Болгариядан кармалганда кыргыз тарап далилдерди жибербегендиктен Интерпол кайра аны коё берип ийбедиби. Мен вице-спикер болуп турганда Интерпол менен иштешип жаткам. Танаев камакка түшкөн эле. Бирок сурактан материлдарды ала албай калдым. Себеби биздин чакырылыш ал кезеде тарап кеткен болчу. Ошол боюнча бул иш аягына чыкпай калды.

— Бабанов президенттикке аттанган учурда “Кумтөрдөгү” 17 миң гектар жерди кайра кайтарып алгандыгын айтты эле. Сиз бул тууралуу кеңири билсеңиз керек?

— Мен мунун тарыхын айтып берейин. Кудай алдында чындыкты айтыш керек. 2007-жылы март айында “Кумтөрдүн” чыгыш тарабындагы 16330 гектар жерди Данияр Үсөнов премьер-министр болуп турган кезде эч кандай тендер өткөрбөй туруп токтом менен берип салыптыр. Ошондо аткаминерлердин баары буйрук беришкенде тигилер казып жол сала башташкан. Кызыл китепке кирген Жети-Өгүз, Ырдык, Лепинка айыл өкмөттөрүнүн жерлери да кеткен. Жерди алгандар элге эч кандай салык, компенсация төлөшкөн эмес. Бул мыйзам бузуу болуп эсептелет. Салыктан бошотулган күйүүчү май, техниканы алып барып ошол жерди казганга алардын акысы жок болчу. Бул боюнча башкача келишимдин негизинде башкача салыктын түрлөрүн, бажы төлөмдөрүн төлөшү керек болчу да. Аны мен билип калгандан кийин финполго арыз жазгам. Мен ооруканада жатканда финполдон келишип материалдарды алып кетишкен. Бирок жыйынтык чыккан эмес. Ошондо жазуу жүзүндө өкмөткө кайрылгам. Андан кийин премьер-министрдин атынан “алдык” деп мага телеграмма келген. Ал кезде премьер-министр Атамбаев болчу. Ал кишиден жооп алган жокмун. Андан кийин Бабанов премьер-министр болуп калды. Мен ага дагы кайрылып жооп ала албагандан кийин райондор аралык экономикалык сотко бердим. Бул сотто мага “Кумтөрдүн”, “Кыргызалтындын”, өкмөттүн, геологиянын соттору мага каршы турушту. Соттун үч отурумунда мен уттум. Бирок өкмөт анда да моюн толгоп койгондуктан Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылдым. 15 депутатка жазуу жүзүндө материалдарды берип жибердим. Анан алар сессияда бул маселени көтөргүндө гана депутаттарга отчёт берип кызматка бекип жатканда Бабанов убада кылып Данияр Үсөновдун токтомун жокко чыгарган. Ачыгын айтканда Бабанов өзүнүн каалоосу менен бул маселени чечкен эмес.

— Азыркы президенттин айланасында экс-президенттин аткошчулары дагы эле бийликте жүрүшпөйбү. Алар тууралуу да айтчу сөзүңүз бардыр…

— Бүгүн аткаминерлердин саны күн сайын көбөйүп, өлкөдө бир эле партиянын үстөмдүгү жүрүп жатат. Аткаминерлердин санынын көбөйгөндүгү бийлик үчүн жакшы болуп жаткандыгын айта кетейин. Себеби колдоосу көбүрөөк болот. Ал эми мамлекеттин экономикасы үчүн зыян. Кыргызстанда система өзгөрбөгөндөн кийин экономика кайдан өзгөрөт? Айткандын оозу жаман болгондуктан бирдеме болсо эле иш козгогону жатышат. Дегеле кыргыз элине иш козгоого мүмкүн. Ар бир бийлик өзүнө оппозицияны өзү табат. Булар өздөрү дагы мурун оппозиция болушкан. Бүгүн бирөөлөрдү куугунтукка алышканы менен эртең булардын да убактысы бүтөт. Азыр элдин чыдамы кетип эле турганы байкалууда. Бирок Украинадай болбойлу деп сабыр кылып турат. Азыркы президенттин аппаратындагылар, кеңешчилери баары эле Атамбаевдин жанында жүргөндөр экендиги элдин баарына маалым болсо керек. Ошон үчүн Сооронбай Жээнбековду алар турганда өз алдынча саясат жүргүзүп, өлкөгө өзгөртүү киргизет дегенден алыс болушубуз керек.

— Жазында парламент тарайт экен деген маалыматтар жалпы коомчулукка белгилүү болуп калды. Мурунку бийликтин обонун созгон айрым саясий серепчилер СДПК 75 пайыз добуш менен кайрадан бийликке келет деп ачык эле айтышууда. Анда бул шайлоонун жыйынтыгы кандай болот?

— Алмазбек Атамбаевдин айткан сөзүн эсиңизге салып коёюн. “Мен саясаттан өзүм менен бир топ саясатчыны ала кетем. Алар кайра келишпейт. А мен келем” деп айтты. Кыргыз мамлекети бир партиянын же бир кишинин менчик фирмасы эмес. Муну эске алып коюш керек. Эл бийликке эмес, бийлик элге иштеши керек. Элдин төлөгөн салыгынын эсебинен бийлик жашап турат. Анан эл үчүн иштебесе бийлик кетиши керек. Жөн эле кетпестен жоопко тартылышы керек. Атамбаев чоң саясатка кайра кантип кайтып келет? Президент катары пенсияга чыккан киши чоң саясатка келиш үчүн саясий кызматты алышы керек. Бул бир маселе дейли. Экинчиден, эч кимге жашыруун эмес. Мен депутат, вице-спикер болуп жүргөн киши катары айтайын. Бизге азыр партиялык система эрте болчу. Биз буга даяр эмес элек. Тилекке каршы Конституцияга ушундай өзгөртүү киргизишти. Бирок буга чейин элдин аң-сезимине терең сиңип калгандыктан президент десе эле эң бийик кызматтагы адам катары көрүшөт. Ал эми азыркы Конституция боюнча перзидентттин укугу аябай чектелүү болуп калган. Мисалы: сырткы, ички саясатты дагы премьер-министр жүргүзөт. Президенттин башка жакка барып кол койгонго акысы да жок. Президент болуп турганда Атамбаевдин дагы акысы жок болчу. Бирок чөнтөк парламент ал кишиге Конституцияны бузуп туруп сырткы саясатты берип койгон. А мен эл тарабынан шайланган президенттин сырткы саясатты жүргүзүшүнө макулмун. Болбосо президенттин бизге кереги жок. Мамлекетти президент же премьер-министр башкарсын да. Килейген Америкада 11 министрлик бар. А бизде премьер-министрден тышкары вицелерди, министрлерди, мамлекеттик комитеттегилерди кошуп эсептегенде 21–28 болуп кетти. Ал эми мамлекеттик агенттик, департаменттерди кошкондо 200дөн ашып кетти. Булардан тышкары 7 губернатор, 55 аким, мэрлерибиз, 120 депутатыбыз бар. Эмесе казынадагы акчанын кайда кетип жатканын эсептебейсиңерби. Анан биз кантип оңолобуз? Атамбаев кайра саясатка кайтып келиш үчүн СДПКнын курултайын өткөрөт. Январдын аягында өткөрмөк эле. Эми февралга жылдырыптыр. Атамбаев курултай өткөргөндөн кийин күч структуралары, жергиликтүү бийлик, Ак үйдөгүлөр өзүмдүкү, 65–75 депутатты алып келем дагы баарын чекеге чертип башкара берем деп ойлоп жатат го. Эгер андай боло турган болсо парламенттик шайлоо оор шайлоолордун бири болуп калат. Ал эми парламенттик шайлоо кайра болоору чындык. Бирок парламентке азыркыдай тажрыйбасыздар эмес, татыктуулар келиши керек.

Маектешкен: Нурсултан ШАЙДИНОВ

Булак: Жаңы Ордо

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: