Menu

Равшан Жээнбеков: Курултайга президент Жээнбеков катышса өзүнө пайдалуу болмок

Бөлүшүү:

24-ноябрда президент Сооронбай Жээнбековдун өлкө тагдырын колго алган бир жылдык ишмердүүлүгүнө карата өлкөдөгү бир катар саясый күчтөр Курултай өткөрүшөрү күтүлүүдө. Бул датаны утурлай аталган иш-чаранын «моторуна» айланган Равшан Бабырбековичти азыноолак кепке тарттык.

– Равшан мырза, 24-ноябрь күнү Курултай өткөрөрүңөр маалым болду. Алгач уташтуруу иштерине кимдер мүчө, канча адам катышары, каякта өтөрү, кеткен чыгымды ким көтөрөрүнөн кеп салып берсеңиз? Региондордон келген өкүлдөрдү жол кире, түшкү тамактануу сыяктуу көрүнүштөр менен камсыздоо чечилдиби?

– Коомдук-саясый күчтөрдүн Курултайын 24-ноябрда Бишкек шаарында өткөрөбүз. Азырынча Курултайдын кайсы жерде өтөрү боюнча так орду тактала элек. Себеби, бийлик өкүлдөрү менен кайсы жерди берери жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Эгерде бийлик маданияттуу жол менен каршылык көргөзбөй, шарт түзүп, ылайыктуу жерлердин бирин берсе берди, бербесе, анда башка жеке менчик имараттарды издейбиз. Болжолу бир жумада так орду билинип калат. Ал эми каражат маселесин баардык коомдук, саясый күчтөр болуп көтөрөбүз жана «жардам берем» деген адамдардан чогултабыз. Биздин эсебибиз боюнча көп деле каражат кетпейт. Уюштуруу иштерине даярдыкты уюштуруу комитети алып барат. Ал ишти негизинен жаш саясатчылар Адил Турдукулов менен Айбек Мырзалар аркалашмакчы.

– Эски бийлик тушунда митинг же жыйын өткөрө турчу саясатчыларды телефондук тыңшоо менен камап коюшчу. Бул жагынан кооптонгон жоксуңарбы?

– Мурдагыдай коркунуч азыр мага жоктой сезилет. Азыр бир аз саясый абал өзгөрдү. Бийлик сөз, чогулуш эркиндиктерине басым жасаган жок. Бийлик менен Курултай маселесин сүйлөшүүдө алар деле каршы эмес экендиктерин айтып жатышат. Ага кошумча, биз деле радикалдуу, оппозициялык максатты көздөгөн жокпуз. Биздин негизги максатыбыз маданияттуу, мыйзамдуу элдик жыйын өткөрүү. Курултайдын максаты: өлкөдөгү социалдык, экономикалык, саясый абалды талкуулоо жана эгер «ал-абал оорлоп баратат» десек, андан чыгуу жолдорун издөө, өлкөнүн келечегин, өнүтүү багытын аныктоо. Курултайга баардык коомдук, саясый күчтөрдү, бийликти, оппозицияны, экс жана азыркы президентти дагы чакырабыз. Келиш-келбеш ар кимдин өз иши. Ал эми жеке президент Сооронбай Жээнбеков жөнүндө айтсам. Баардык президенттер Курултайга келишпейт. Өлкө башчысы келип катышып, жагымсыз болсо да кээ бир сындарды угуп, талкууга катышса өзү үчүн дагы, өлкө үчүн дагы жакшы болмок.

– Бүгүнкү бийлик айтылуу Икрамжан Илмияновду камап, Атамбаевдин бир капталын эңшерткендей болушту. Мындан аркы саясый кырдаалга божомолуңуз кандай? Жазга карай ызасы башынан ашып турган Атамбаев кырдаалды курчутпайбы?

– Саясый абалдын өнүгүшү, албетте, көп нерселерге байланыштуу. Бирок, биринчи кезекте бийликке, президентке байланыштуу. Бийликтин акылмандыгы, туура саясаты, экономикалык, социалдык абал, бюджет, инвестиция биринчи кезекте саясый абалга таасир берет. Камоолор өлкөдө адамдын күнөөсүн так далилдесе, албетте, зарыл. Бирок, камоолор бюджеттин, пенсиянын, айлык акынын өсүшүнө, инвестициянын келишине, билим, саламаттык сактоонун сапатынын жакшырышына таасир бере алган жок. А бул маселелер элди эртели-кеч камоолорго караганда көбүрөөк толкундата, кызыктыра турган маселелер. Жаз, күз элдин активдүүлүгүнө сөзсүз таасир берет. Атамбаев жөнүндө айтсак, ал каражаты, медиасы, тажрыйбасы көп саясатчы болсо дагы ал сыйкырчы эмес. Саясатчылар, коом, саясый абал өзгөрбөсө ал эч нерсе жасай албайт. Баардык өлкөдөгу маселе жаз-күз, саясый абал мындан ары президент Жээнбековго байланыштуу. Баары анын колунда. Себеби, баардык бийлик бутактары өкмөт, Жогорку Кеңеш, сот, жергиликтүү бийлик, укук коргоо органдары анын колунда. Ал баарын чечип, жеке башкарууну колго алды.

Калыгул Бейшекеев

Булак: «Азия ньюс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: