Бүгүн, 17-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Кой-Таш айылында 2019-жылдын 7-8-августундагы окуялар боюнча сот отурумун улантты.
Кылмыш иштеги фигуранттардын бири Кундуз Жолдубаева Фейсбуктагы баракчасында жазгандай, отурум онлайн форматында улантылып жатат. Бул деген жазык-процесстик кодекстти бузат.
“Бүгүн соттук отурумда, соттолуучулар каршылык катары СИЗО-1 мекемесинин залынан чыгып кетүүнү каалашты”, – деп жазат ал.
“Айыпталуучу өзүнүн жактоочусу менен жекеме-жеке жана убакыттын узактыгын чектебестен эркин сүйлөшүүгө укуктуу”, – дейт Жолдубаев Равшан Жээнбековдун сөздөрүн келтирип.
Ошондой эле ал Фарид Ниязовдун сөздөрүн келтирип: «Судья соттолуучулардын адвокат менен түздөн-түз соттук териштирүү маалында сүйлөшүүсүн камсыз кылууга тийиш. Бирок мындай болгон жок”, – деди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ