Борбордук шайлоо комиссиясы “Биримдик” партиясына административдик ресурс үчүн эскертүү берген жок. Чечим жыйында кабыл алынды.
“Реформа” партиясынын өкүлдөрү МАБ №12нин жетекчиси Темир Касымов “Биримдик” үчүн үгүт жүргүзүп жатышат деп нааразы болушкан. Аткаминер эскертүү алды. Аталган факты боюнча материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлдү. Партияга эскертүү берүү сунушу түшкөн жок.
Эске сала кетүүчү нерсе, административдик ресурс үчүн бир гана аткаминерлерге эмес, ошондой эле ЖМКлардын жетекчилерине алардын аракеттеринде кайсы бир партиянын же талапкердин кызыкчылы үчүн кыянаттык фактылар аныкталса айып пул салынат. Айып пулдун өлчөмү экинчи категорияга бөлүнөт – 300дөн 600гө чейин (30 миңден 60 миң сомго чейин). Ошондой эле эки жылга мамлекеттик кызматты ээлөө укугунан ажыратылат.
24-августта, саат 18.00гө чейин, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн БШКга документтерди тапшырышы керек. 10 күндүн ичинде берилген маалымат текшерилет жана 4-сентябрга чейин депутаттыкка талапкерлердин тизмеси катталат.
Үгүт иштери 4-сентябрда башталат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ