Menu

Казакстанда 10 жылга кесилген экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстанга которулгандан кийин абактан бошотулду

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Дамирбек Асылбек уулу абактан бошотулду. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан тастыктады.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу Жогорку Соттун соттук коллегиясынын чечими менен абактан бошотулган. 19-августта Кыргызстандын Жогорку Сотунун судьяларынын өкүмү менен ал камактан бошотулган.

Белгилей кетсек, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы соттун өкүмүнүн чоо-жайын азырынча билбейт.

Казакстандын Жогорку соту былтыр Дамирбек Асылбек уулун Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 1-бөлүмү (Уюшкан кылмыштуу топ түзүү) жана 204-беренесинин 4-бөлүмү (Аткезчилик) менен күнөөлүү деп таап, 10 жылга эркинен ажыраткан. Анын жаза өтөө мөөнөтү 2018-жылдын 15-февралынан тартып эсептелет жана өкүмгө каршы даттанууга болбойт деп чечилген.

Дамирбек Асылбек уулу 2019-жылы Казакстандан Кыргызстанга экстрадицияланган жана 2019-жылдын 26-ноябрында экс-депутат Асылбек уулу атайын комиссиянын чечими менен Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү колониясына дайындалган. Бирок ал колонияга киргизилген эмес. Ушул убакка чейин ал №47 колонияда дарыланып, кээде Бишкектеги СИЗО-1де болгон.

Эске салсак, 2018-жылдын 15-16-февраль күндөрү ири масштабдагы атайын операция жүргүзүлгөн. Кармалгандардын арасында бажы жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери, брокерлер, ортомчулар, кылмышкерлердин өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстандын үч жараны, анын ичинде Жогорку Кеңешинин депутаты Дамирбек Асылбек уулу да бар болчу.

Кийинчерээк Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кармалган Дамирбек Асылбек уулу Казакстандын жарандыгын алгандыгын билдирди. Асылбек уулунун атасы бул маалыматты четке каккан. Былтыр, апрелде, Борбордук шайлоо комиссиясы Асылбек уулу өзүнүн депутаттык мандатынан ажыратылгандыгын жарыялаган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − 37 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: