Жалал-Абад облусунда уурунун бирөө кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда ОИИББнин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, 15-ноябрда, саат 20:30 чамасында Жалал-Абад шаарындагы дарыканалардын бирине медициналык бет кап тагынган эки бала кирип, сатуучу К.Анын мойнуна бычак такап, кассадан 15 миң сом алып кетишкен. Бул окуя боюнча сатуучу арыз менен милицияга кайрылган. Бул факт каттоого алынган.
Кылмышка шектелип Сузак районунун 1997-жылы туулган М.Ф. аттуу бала Ош шаарынан кармалып, анын төрт жолу (11-17-ноябрда) уурулук кылганы аныкталган. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү уурулукту жалгыз кылбай, шериги бар экенин айтып берген. Ал Сузак районунун 1976-жылы туулган тургуну М.М. менен бирге уурулук кылып жүргөнүн мойнуна алган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ