Menu

Фото – Сузакта жаратылышка эс алууга чыгып бараткандарды милиция токтотуп, үйлөрүнө кайтарууда

Бөлүшүү:

Сузак РИИБи тарабынан жаратылыш койнуна эс алууга чыккандарды болтурбоо максатында эл арасында түшүндүрүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Азыркы мезгилде жакынкы эс алуу жайларына, суу бойлоруна барууга болбой тургандыгы эскертилип жатат. Ата-энелерге мектеп окуучуларын тыкыр көзөмөлгө алып, онлайн сабактарды аткаруу менен үйдө отуруу зарыл экендиги жеткирилүүдө. Бул тууралу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирет.

Ошондой эле район аймагында жол кырсыктарынын алдын алуу багытында дагы бир топ иштер жүргүзүлүүдө. Милиция кызматкерлери айдоочуларга жол эрежелерин так сактап, башка адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирбөөгө үндөшүүдө.

Мындан сырткары ар бир жаранды коронавирус илдетинин алдын алуу үчүн жеке гигиенаны сактоого чакырышууда.

   

   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: