Кечээ, 14-майда Бишкекке Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарынан 59 кыргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жарандар “Condor Airlines” германиялык авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен учуп келишкен. Бул каттам “Sea Chefs” круиздик лайнерде иштеген 48 кыргызстандыкты, ошондой эле буга чейин авиабилет сатып алган Германиядагы 11 кыргызстандыкты мекенине кайтаруу максатында “TUI CRUISES” компаниясы тарабынан уюштурулган.
Министрлик чет мамлекеттердеги кыргыз жарандарын мекенине кайтаруунун мүмкүн болгон жолдорун издөө иштери улантылып жатканын белгилейт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ