Menu

Барктабасов өмүрдүн баркын билет

Бөлүшүү:

Колоңсо жыттанган саясаттын курмандыгы болгондордун баары эле темир тор артынан бошонгондо илгеркисин унутуп эски жолоюна түшүп кетишерин далай ирет көргөнбүз. Маселен ошол эле Нариман Түлеев жеңин түрүнүп саясаттын “коңулуна” кирип кетүүдөн кайра тартпасын билдирип эле келатат. Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибековдор деле сөзсүз парламенттик шайлоодон эми четте калышпасы белгилүү. Ал тургай Акматбек чечкиндүү түрдө бийликтин чылбырын кармоого аттанарын кыйытып жатканы калп эмес. Кезинде ЖКнын спикери болгон кишинин албетте, бийик пландары болору маалым. Тигил Талант Мамытов болсо парламентте эл өкүлү. Кеңешбек Дүйшөбаевдин өзү тууралуу ойу укмуш экенин баары билет. Тумшугу кызматка илинсе жулуп түшөөрүндө калет жок. Жадегенде жетимиштин кырындагы Феликс Куловдун деле “бирдемкеден” үмүтү бар. Кыйладан бери тынч жаткан Абдыганы Эркебаев, Исмаил Исаковдор деле “аталыктын” образында болууга маңдай терин төгүп жаткан кези. Бир койчолук алым бар деп опурулган Үсөкеңен деле кеңеш сурагандардын тукуму соолуду десек терең жаңылышкан болобуз. Бул деген кызылдай чындык.

Кийинки кезде Урмат Барктабасов тууралуу кыбың-кыбың кептер токулганы жөн жерден эмес. Бирок, оозу эки төңкөрүштө тең күйгөн кишинин көз карашы таптакыр өзгөрүп кетти дегенге негиз бар. Эгерде бет маңдай отуруп маектешсең андан сонун баяндамачы жок деп ойлойсуң. Себеби, ар бир сөзүн салмактап айтып, келтирген аргументтери ишенимдүү экенине ишенесиң. Арийне, бийликтин кумары аны да түз бараткан жолунан адаштырган. Эки ирет буйткадан чыгалбай колго түшкөн. Ошол оор күндөрдө көп ойлонуп, каерден жаза басып алганын таразага салып көргөнүн баамдоого болот. Ошондуктан “саякаттап” баргандарга туура кеңешин берип узатып коет.

Эсеп-чотту жаш кезинен кылдат үйрөнгөн Урматтын бизнеске карата болгон кыймыл-аракетинен майнап чыгаарына шек жаралбасын деле айта кетели. Чынында келечек пландары орчундуу. Бирок, ошол таасирдүү “долбоорлорду” жүзөгө ашыруу үчүн ири көлөмдө каражат керектелет. Андай мүмкүнчүлүк өзүндө болбой турганы ишти аксатууда. Атаганат, илгерки каражаты капчыгында болгондо далай элге пайдалуу максаттар мүдөөсүнө жетмек. Антсе да адамга бир берилген өмүрдүн баркын таасын көкүрөгү менен сезген Барктабасов тескери учкан жагалмайдын кейпин мындан ары кийбейт деп койсок ашыкча болбостур? Саясат дегенден эч убакта “аңкыган жыпар жыт” сокпойт. Анын “бүктөмүндө” кандай тагдырлар жатканынан азыркы күндө кабардар болуп турганыбыз ырас эмеспи. Демек, тобокелчиликтин кимге кереги бар…

Булак: Ачык сөз

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 + = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: