Menu

Өлкө президенттери кандай унаада жүрүшөт?

Бөлүшүү:

Президент болуу кыялы дээрлик 80% кичинекей баланын оюна келет эмеспи. Сиз да өзүңүзчө эгер президент болсом деп кыялданып алсаңыз керек. Бирок өлкөнүн эки чылбыр, бир тизгинин колго алуу айрым инсандарга гана буйруйт. Айрыкча Борбордук Азияда президент болуу кыйыныраак, себеби бир эле ажонун башкаруу бийлиги бир нече он жылдыктарга созулуп жатканына күбөбүз. Албетте өзүбүздүн эркин, демократиялуу Кыргызстаныбызды кошпогондо.

Президент болгон кишиге бир нече жеңилдетүулөр, мыйзамдын негизинде мамлекет тарабынан колдоолор каралган. Мисалы, мамлекеттин башына башкаруучу болуп келген кишиге бир нече кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдөн пайдалануу укугу берилет. Бүгүн кеп курайын деген тема, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Кыргызстандын мамлекет башчылары кандай унааларда жүрүшөөрү тууралуу болмокчу.

Казакстан.

Казакстантандын Президенти Нурсултан Назарбаев акыркы жылдары Меrсеdes-Веnz S600 Рullman Guard улгүсүндөгү унаада жүрүүнү тандаган. Кээде Мауbасh 62 унаасын да айдаттырып жүрөт.
Меrсеdes-Веnz S600 Рullman Guard Баасы: 170 000$


Бул үлгүдөгү унааны көпчүлүк президенттер жактырышат. Алардын арасында Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин дагы бар. Бул брондолгон лимузин кокустан кол салган мылтыкчандардын кезексиз аткылоосуна туруштук бере алат жана тротил эквиваленти боюнча 15 кгдык жарылчу затка да туру штук берет. Рullman Guard кузовун курууда жогорку бышыктыктагы болот жана арамид колдонулуп, ал эми терезелери поликарбонаттан жасалат. Мындан тышкары сырткы коргогучунан башка ичинде дагы жанындагы жана арткы айнектери жакка коргоочу элементтер орнотулган. Жаратуучулар «сактыкка кордук жок» деген макалды мыкты колдонушкан.

Maybach 62 Баасы: 115 000$дан жогору

Нурсултан Абишевич мерседес унаасынан башка Maybach 62 үлгүсүндөгү унааны активдүү колдонот.
Maybach 62нин үстүңкү айнек панорамасын электрониканын жардамы менен тунуктугун өзгөртүп койсо болот. Аталган унаа 550 ат күчүнө ээ, кыймылдаткычынын көлөмү 5,5 литр. Ар бир Maybach 62 келечектеги ээсинин эске алуулары менен ага гана ылайыкталып иштелип чыгат. Мисалы унаанын кыймылдаткычынан баштап салондун декоруна чейин кардар өз табитине жараша жасап алса болот.

Кыргызстан

Меrсеdes-Веnz S600 W221 Баасы: 100 000$дан жогору

Ажолук креслого отурганына 1 жылды чапчыган президентибиз Сооронбай Жээнбеков Меrсеdes-Веnz S600 унаасынын W221-кузовунда жүрөт. Автоунаанын кубаттуулугу 517 ат күчүнө барабар. Ылдамдыгы 4,6 секундада 100 кмге жетет.

ВМW 760 Li Нigh Security. Баасы: 99 000$ жогору

Президентибиздин экинчи унаасы ВМW 760 Li Нigh Security үлгүсүндөгү унаа 2013-жылы Шанхай саммитин өткөрүүдө Орусия белек кылган.

ВМWнин аталган үлгүсү жогорку сапаттагы брону менен айырмаланат. Аталган унаа үчүн атайын эң сапаттуу болот колдонулат. Мындан тышкары майда сыныктарсыз айнеги ар түрдүү кол салуулардан мыкты сактайт. Унаа төрт тарабынан тең брондолгон, жүрүнчү менен айдоочунун коопсуздугу башкы орунга коюлуп, ортодогу багажник менен айдоочунун буту жагына чейин брон кызмат кылат.

Түркмөнстан

Bugatti Veyron Баасы: 2 500 000$ жогору

Гурбангулы Бердымухамедов шөкөттүү буюмдарга кызыгаарын эбак далилдеген. Ал кымбат баалуу тандамал күлүктөр менен катар кымбат унааларды дагы жактырат. Ал башка өлкөлөрдүн президенттери сыяктуу «мерседес, майбахтардан» сырткары атактуу Bugatti Veyron унаасын өзү башкарып бараткандыгын көргөндөр бар. Аталган унаага 2010-жылы Тор Gеаг журналы «10 жылдыктын унаасы» сыйлыгын ыйгарган. Ошол эле жылы аталган унаа «эң ылдам унаа» деп табылган. Баасы жагынан салыштырганда Меrсеdes-Веnz S600  Рullman W220 тыйын туруп калат.

Өзбекстан

Chevrolet Malibu Баасы: 30 000$дан жогору

 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев атамекендик автопромго болгон сүйүүсү менен башка өлкө башчыларынан айырмаланат. Башка президенттердегидей «гаражындагы» унаалардан тышкары Өзбекстандын президенти өздөрүнөн чыккан Chevrolet Malibu унаасы менен дем алыш күндөрү шаарды айланганды жактырат экен. Бул унаанын баасы анчейин кымбат эмес болгондук коомдун ортоңку классынын өкүлү дагы сатып ала алышат.

Акыркы үлгүдөгү Chevrolet Malibu мурунку эски моделинен дизайнындагы өзгөчөлүктөрү менен экстерьеринин агрессивдүүлүгү менен айырмаланат.

Тажикстан

Тажикистандын президенти Эмомали Рахмон көпчүлүк башка ажолордой эле Меrсеdes-Веnz S600  Рullman W220 600 үлгүсүн тандайт. Бул унаа коопсуздугу жагынан алдыңкы унаалардын катарында тургандыктан жогорку ишенимге ээ.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 73 = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: