Menu

Видео – КМДБнын өкүлү ажо айткан Курандагы арак туурасында түшүндүрмө берди

Бөлүшүү:

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы Билал Сайпиев Курандагы аракка болгон мамиле туурасында түшүндүрмө берди.

“Алла-Таала куранда арак тууралуу аяттарды түшүргөндө дароо эле арам кылган эмес. Анын бир топ этаптары бар. Биринчи жеңил билдирүү кылып, арак жүзүмдөн жасалат деп кайдан келээрин айткан. Экинчи этабы “Бакара” сүрөөсүнүн 219-аятында, элдер арак менен кумар туурасында сурайт, сен ошондо пайдасынан зыяны көбүрөөк деп айткын деп жазылган. Бирок бул жерде арам делген жок, пайдасынан зыяны көбүрөөк деди. Арактын зыяны ачык көрүнө баштаганда дагы эки жолу ал тууралуу аят түшүп, төртүнчүсүндө Алла-Таала Маида сүрөөсүнүн 90-аятында кумар, көзү ачыктык, арак бардыгы шайтандын амалдарынан, силер алардан сактангыла деген. Мас кыла турган нерсенин баары, азы да, көбү да арам”, – деди дин аалымы.

“Алла-Таала ар бир ооруну жаратып, аларга шыфаа берген, бирок арамда шыфаа жок деп айткан пайгамбарыбыз”, – деп кошумчалады ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: