Menu

Орозайым Нарматова: “Аттиң! Мен Садыр Жапаровду “Кумтөр” маселеси үчүн камалып, куугунтукталып жүрүп колдодум эле. Үмүттөр акталбады!”

Бөлүшүү:

Бул постту жазуума каралоо жана түшүнбөстүктөр себеп болууда.
4-октябрда шайлоо күнү Россия боюнча “Бүтүн Кыргызстан” биринчиликти алды. Анда да биздин жүздөгөн мекендештер форма 2 тапшырса да кире албай кала беришти. Ал эми миллиондогон мигранттардын шайлоого болгон укугу «форма 2 жана консулдук каттоо»-деген талаптар менен бузулду. Эгерде шайлоо таза өткөндө “Кыргызстанда деле ушундай жыйынтык болмок”-деген оюбуз бар.
Шайлоого чейин Садыр Жапаров кайрылуу жасап, “эгерде “Мекенчил” партиясы 65 мандат менен утпаса, мен саясаттан таптакыр кетем”-деп убадалаган болуучу. Россияда аз гана добуш бере ала турган болсо да сатып алуу, коркутуу болгон жок. “Мекенчил” партиясы биринчиликти албайт беле элдин баары “Мекенчил” партиясы менен Садыр Жапаровду колдосо? Ушундай анализ жүргүзбөгөн Мекенчилдер кайрылуу жасаардан мурда кичине ойлонуп сүйлөгүлө. Силер чын эле мекенди ойлосоңор, силер чын эле келечекти ойлосоңор лидериңерге айткыла миллиондогон мигранттардын укугун тебелеген талаптарды алдырдып салсын.
Силер чын эле мекенди ойлосоңор Малайзияга 92 жашында Премьер министр болгон киши 5 күндө эле коррупционерди камап туруп, милларддаган долларларды төктүрүп койгон казынага. “Матраимовду камабай туруп кустурабыз”-дегени популисттик кадам болуп калды. Матраимов 700 млн долларды чыгарып кетүүдө шектенип жатса ал “22 миллион берем”-дептир. Асман менен жердей акча го айырмасы. Аныда кыргызча “2 миллиард сом”- деп эркелетесиңер. Силерге чындык жакса ушул сөз туура дейсиңер эгерде чындыкты көрбөй жатсаңар анда бир отоло түңүлдүм.
Баса, төмөндө шайлоодо ким канча добуш алгандагы чек. Бүтүн Кыргызстан “Мекенчил” партиясынан 5-10 эсе көп добуш алган. Силерди “Садыр Жапаровду Кыргызстан үчүн колдойт”-десек фанат болгон үчүн колдойт окшойсуңар.
“Кумтөр” масалеси үчүн колдосоңор ал да ойрон болду. Садыр Жапаров ар дайым айтаар эле “Кумтөрдө миң тоннадан ашык алтын бар”-деп. Азыр 400 тонна казылып кетти ошондо ал жерде 600 тоннадан ашык бар. Анан кантип алтын түгөнөт? Логикага туура келбеген сөздөрдү, түшкө чейин бирди, түштөн кийин бирди сүйлөй берет экен. Аттиң! Мен “Садыр Жапаровду убагында “Кумтөр” масалеси үчүн ичкен ашымды жерге коюп, камалып, куугунтукталып жүрүп колдодум эле.Үмүттөр акталбады!
 width=  width=  width=
Орозайым Нарматова, “Мекенчил” партиясынын мурунку мүчөсү

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 + = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: