Menu

Тажикстанда «коронавирустан коргой турган» бейджиктерди сатууга тыюу салынды

Бөлүшүү:

Согди облусунун бийлиги ишкерлерден «коронавирустан коргой турган» «Virus shut out» деген жазуусу бар бейджиктерди сатууну токтотууну талап кылды.

Пластик бейджиктер облустун административдик борбору эсептелген Хожент шаарындагы дарыканаларда октябрдын ортосунда пайда болуп, тез эле жашоочулардын арасында популярдуулукка ээ болгон.

Согди облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Султон Рахмонзода калаа дарыканаларындагы бейджиктердин бир бөлүгү сатыктан алынганын билдирди. «Бүгүнкү күнгө карата Хожент шаарындагы дарыканалардан мындай 200-300 «антикоронавирустук» товарды сатыктан алдык», — деди ал.

Рахмонзода ичине хлор салынган, бир жарым метр аралыкта вирусту өлтүрөт деп айтылып жаткан бейджиктер лабораторияга анализге жөнөтүлгөнүн кошумчалады.

Азырынча нускамасы жапон тилинде жазылган бул бейджиктердин Хожент шаарында кандайча пайда болгону белгисиз. Бул боюнча чек арачыларда да, бажычыларда да эч кандай маалымат жок.

Расмий статистика боюнча Тажикстанда коронавирус жуктургандар 11 054 кишиге жетти. Алардын 10 283ү айыгып, 82 бейтап каза болду.

https://rus.ozodi.org/a/30922939.html

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 21 = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: