ДССУнун башчысы Тедрос Адханом Гебресиесус коронавируска чалдыккан адам менен байланышта болгондон кийин изоляцияга кетти. Бул тууралуу ал Твиттерде билдирди.
Уюмдун башкы директорунун айтымында, анда оорунун белгилери жок, бирок ДСУнун протоколдоруна ылайык, жакынкы күндөрү ал үйдө иштейт.
“Вирустун жайылышына каршы күрөшүү үчүн баардыгыбыздын көрсөтмөлөрдү аткарышыбыз керек”, – деп жазган Гебрейесус.
Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, дүйнөдө COVID-19 оорусунун 46,4 миллион учуру бар, 1,1 миллион адам каза болуп, 31 миллион адам оорудан айыккан.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ