Menu

Казакстанда бир суткада 442 кишиден коронавирус табылды

Бөлүшүү:

Казакстанда акыркы бир суткада 442 киши коронавирус жуктуруп алып, беш бейтап каза болду. Бул тууралуу 2-ноябрда өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, дагы 41 жаңы учур негизги статистикага кошулган жок — алардын ПЧР-тести таза чыккан.

Акыркы жумаларда коронавирус жуктургандардын саны боюнча Чыгыш Казакстан облусу алдыда келетат Буга байланыштуу 1-ноябрдан тартып бул аймакка адамдардын кирип-чыгуусуна чектөөлөр киргизилди.

Жалпы өлкө боюнча коронавирус жуктургандар 150 863 кишиге жетти. Анын 38 003ү коронавирустун белгилери бар, бирок анализи таза чыккан бейтаптар. Пандемия башталгандан бери 135 333 киши илдеттен айыкса, 28 819у COVID-19дун белгилери бар пневмониядан сакайып чыкты деп эсептелинүүдө.

Расмий маалыматтарга ылайык, өлкө боюнча коронавирустан 1 857 бейтап, «пневмониядан» 402 киши каза болду.

Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) сунушуна таянып, COVID-19 менен «пневмониянын» статистикасын бириктирбей келет. Ошол эле маалда августтан бери ДССУнун сайтында бириктирилген маалыматтар жарыяланууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: