Menu

Видео – «Азаттык» радиосу: Журналисттердин маалымат бурмалоосу

Бөлүшүү:

«Эркин Европа» жана «Азаттык» радиолорунун жаңы президенти кечээ күнү Дүйшөмбү шаарында Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен жолугуп, Радио «Озоди» деп аталган «Азаттыктын» тажик кызматынын ишмердиги, сөз эркиндиги жана журналисттер үчүн ыңгайлуу шарт түзүү маселелерин талкуулады.

https://www.facebook.com/5tvkg/videos/374580453225755/

Эркин Европа» жана «Азаттык» радиолорундагы президенттик милдетти Джейми Флай 1-августтан тартып аткара баштады. Мурдагы президент Томас Кент былтыр октябрда кызматынан чегинген жана андан бери президенттин милдетин Дейзи Синделар аткарып келген. Дал ошол убакта Синделар – «Озоди» үналгысы тажик бийлигин жактаган материалдарды чыгарып, журналисттик эрежелерди бузганын моюнга алган.

Андан көп узабай, март айында «Озоди» үналгысынын директору Сожида Джахфарова кызматынан кетүүгө аргасыз болгон, бирок расми түрдө аны жумуштан алуу ишке жумшак түрдө ашырылып, Джахфарова эс алууга чыкты деп жарыяланган. Андан соң апрель айында «Азаттыктын» Борбор Азия боюнча регионалдык директору Аббас Джавади дагы пенсияга чыгарылган.

Июнь айында радионун президенти болгон Джейми Флай милдетине августта гана киришти жана бул убакыт аралыгында бүткүл радионун башкы редактору Ненад Пейич дагы пенсияга чыкты деп кызматынан алынды. Мурда ал бир нече убакытка президенттин да милдетин аткарып келген, жана мынчалык деңгээлдеги олуттуу кадр тазалоо радионун тарыхында болгон эмес.

Тажик кызматынын жетекчилигин катуу сынга алуу бир топ убакыт мурда башталган, акыркы айларда Казак кызматынын ишмердиги дагы кеңири сындала баштады, 19-августта болсо Кыргызстандын бир нече коомдук ишмери – «Эркин Европа» менен «Азаттык» радиолорунун жетекчилигине, америкалык Конгресске жана башка уюмдарга ачык кат жолдоп, Кыргыз кызматынын жетекчилигин дагы сынга алды.

Бул абройлуу радионун бир нече кызматы Борбор Азиянын ар башка мамлекеттеринин демократиялык коомчулугу тарабынан сынга алынып жатканы – радионун ишмердигинде өтө олуттуу жана системалык кемчиликтер бар экенини айгинелейт. Буга чейинки 70 жылдык тарыхында «Азаттык» демократия менен адам укуктарын даңазалаганы менен кадыр-баркка ээ болгон, бирок азыр абал бир топ өзгөрүп кеткен.

Мисалга, 29-май күнү Кыргыз кызматы «журналисттик иликтөө» деп аталган материал жарыялап, 2011чи менен 2017-жылдар аралыгында Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарылып кеткен деп билдирген. «Азаттыктын» башка кызматтары маалыматты дароо кеңири таратып, ал 700 миллионду – Бажы кызматынын төрагасынын орун басары жалгыз чыгарган деп жазып чыккан. Бирок автор өзү аны ачык айткан эмес.

ЖК депутаты Искендер Матраимов: Жети жүз миллионду ким которуптур? Мен котордумбу, иним котордубу же менин аялым котордубу? Эки жүз миллион деп атасың, аны дагы ким которду?
«Азаттык» радиосунун журналисти Али Токтакунов: Эми жооп берейин. Мен программада – 700 миллион кайдагы акча деген суроо койдум. Бул – Матраимовдордуку деген жокмун

Өзүнүн башка интервьюларында Али Токтакунов – маселеге Матраимовдордун тийешеси бар экенин билдирип, бул 700 млн доллар Кыргызстандын бюджетинин жарымы деп бир нече жолу кайталаган. Бирок өлкөнүн бир жылдык бюджети 2 жарым миллиард доллар, 700 миллион болсо 7 жылда чыгарылган деп айталган, демек, бир жылда 100 млн болот жана ал бюджеттин 50 эмес, 4 гана пайызын түзөт.

Андан тышкары, Али Токтакунов да, «Азаттыктын» жетекчилиги дагы – жакында иликтөөнүн уландысы жарыяланат деген, бирок андан бери 3 ай өттү – эч кандай уланды жок. Колдоруна тийген документтерди дагы «Азаттык» эч кимге көрсөтпөстөн, сындын баарын четке кагып келет. «Азаттыктын» президенти эртең Бишкекке келет, анткен менен, маалыматтарды бурмалоо жана мындай текебердик радиого кошумча аброй алып келбейт ко. Кеп ошондо.

Булак: 5 канал

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: