Сапар Исаков Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ысык-Көл облусундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн кабар алды. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.
Өкмөт башчы Ак-Суу районунун Ак-Суу айылындагы Бекзат Идирис уулунун үйүнө барды.
Аталган үй-бүлөнүн 4 баласы бар, кичүү кызы Нурайым мээ шалы менен жабыркап келет. Атасы Бекзаттын туруктуу иштеген жумушу жок, ал эми апасы үй кожойкеси.
Андан соң Премьер-министр Сапар Исаков Түп районунун Күрмөнтү айылында жашаган 1941-жылы туулган Шайырбүбү Усмамбетованын үйүнө барды.
Шайырбүбү апа 1-топтогу майып, бир бутунан ажыраган, анын уулу кулагы начар угат.
Мындан сырткары Өкмөт башчы Ысык-Көл районунун Ананьево айылынын тургуну Гүлзат Казакованын үйүнө барды. Ал төрт баланын энеси, социалдык колдоого муктаж.
Сапар Исаков аларга материалдык колдоо көрсөтүп, сатып алган азык-түлүктөрүн берип, колдоо сөзүн айтты. Мындан сырткары тиешелүү мамлекеттик органдарга аларды медицианлык дарылоодон өткөрүү жана социалдык көйгөйүн чечүү боюнча тапшырма берди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ