Menu

КТРК Анатай, Шайлообек, Кыялбектин башын аттап, гимнди жородогу ыр-кесеге айландырганда

Бөлүшүү:

Жакында Кыргызстандын башкы телеканалы КТРК 60 жылдыгын белгилеп, журналисттери эфирден бир канча күн түшпөй ырдашты. КТРКнын коомдук, мамлекеттик телеканал экенин, 60 жылдыгын белгилөө коомдук турмуш, 60 жылдык тарых менен ажырагыс белгиленишин унутуп, учурда иштеп жаткан журналисттеринин жеке корпоративи кылып салганы башка кеп.

Бул жолу 60 жылдык тарыхы бар, далай залкарлардын изи калган, кыргыздын алтын фондусу сакталып турган КТРКнын гимни жөнүндө сөз кылалы. Кытайдын улуу философу «мамлекетти падышалар эмес, символикалар башкарат» деген. Анын сыңары, гимн мамлекеттики болобу, КТРКныкы болобу, өтө кылдаттык менен маани берип жазылып, обону жаралып, миң толгонуп, миң ойлонуп жаралчу ураан ыр эмеспи. Кыргыз маданияты, адабияты, искусствосунун уюткусунун бири делген КТРКнын гимни жородогу калоо-тилек айткан ыр болуп калганын акындар эмес, жөнөкөй адамдар деле айтууда. Беш куплеттен турган КТРКнын гимнинде колго кармачу бир сөз жок. Жөн эле уйкаштык менен түзүлгөн каалоо. «Көпчүлүктүн көңүлүнө толбогон гимнди ким жазган?» деп кызыгып көрсөк, КТРКда иштеген, жаш акын Акбар Кубанычбеков экен. Акбар Анжелика менен Мирбек Атабековдун ырын жазса эле Илим Карыпбеков «гимн жазганга жарай берет» деп ойлойт окшобойбу? КТРК Анатай, Шайлообек, Кыялбек деген аксакал акындардын башын аттап, гимнди жородогу ыр-кесе кылып ийгени эмнеси? Карыпбеков гимн эмне экенин, аны кимдер жазыш керектигин билбейт, кайдан билсин? Деңгээл…

Автор: Бекбол Айдаров

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: