Кара-Буура районунда мөмө-жемиш жана жашылчаларды консервациялаган цех ишке берилди. Бул туурал Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык түлүк программасы менен биргеликте, Талас облусунун Кара-Буура районундагы Бакыян айыл өкмөтүнө мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды консервациялаган цех куруп берди. Аталган цех – аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жумуш ордун түзүүгө багытталган. Учурда, цехти иштетүүгө 8 адис, долбоордун негизинде окутулуп, кийинки жылдан тарта, цехке керектелүүчү азык-түлүктөрдү сапаттуу өстүрүүчү адистер даярдалат. Кичи иш кананын ачылышында, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров, “Цехтин мындан ары ийгиликтүү иш алып кетүүсүнө министрлик дайым көмөк кылат”,-деп, эмгек жамаатына ийгилик каалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ