Menu

Бабанов Бишкекке келе турганын билдирди. Бийлик камайбы?

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалына интервью берип, «Бабановго козголгон кылмыш иштери жабылыш керек» деп айткандан кийин саясый айдың кадимкидей козголо түштү. Москвада жүргөн Өмүрбек Бабановдун көктөн издегени жерден табылгандай болуп, өзүнүн карамагындагы депутаттарды, пиарщиктерди колунан келгиче козгоп койду.

Ошентип, ЖМК айдыңында, дээрлик социалдык тармактарда «Бабанов келсин!» деген акция жүрүүдө. Бир жылда унутула түшкөн каарманыбыз кайрадан өз атын чыгартып, коомчулук астында татаал кырдаалды түзө баштады. Калыстык үчүн караганда, учурда анын тарапташтары, колдоочулары да арбын экенин тана албайбыз. Өткөн президенттик шайлоодо күбө болдук, өзгөчө Кыргызставдын түндүк катмары дуулдап колдоп кеткенин…

Бир жыл Кыргызстандан тышкары жүргөн «Республиканын» лидери намысына келип, ага карата айтылган «коркок» деген печатты алып ыргытканы калды окшойт. Жаңы жыл астында Аяз атадай болуп, Өмүрбек Токтогулович күлүп-жайнап кирип келсе, албетте, миңдеген тарапташтары кол чаап, жылуу маанайда тосуп алышат. Балким, бийлик алдыдагы саясый кырдаалды таразалап, тергөө иштери бүткүчө үй камагында калтырышы мүмкүн. Эгерде камакка алсачы? Анда Кой-Ташта жамбаштап жаткан Атамбаевге Кудай берет. Жазды күтпөй эле нааразычылык акциясын баштап жибериши ыктымал. Тигил жактан Талас көтөрүлүп кетишинен эч кандай шегибиз жок. Бабанов жөн салды эле келе кала турган бала эмес. Ал баардык жагын анализдеп, эл астынан упай алуу үчүн, колдоого ээ боло турганын сезип, ошондон кийин гана чечкиндүү кадам таштады окшойт.

Ким билет? Бабанов «келем» деп туруп, кайра келбей койсочу? Анда биротоло «саясый өлүк» катары чет элде жортуп жүрүп күнү бүтөт. Бирок, биз ага бу саам ишенип турабыз…

Автор: Тайлак Назымов

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − 12 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: