Menu

Видео – Түркиядагы студент кыргыз элчилигинин ишине нааразы болуп, бийликке кайрылуу жасады

Бөлүшүү:

Кечээ, 21-ноябрда Facebook социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу Дастан Разак уулунун Кыргыз Республикасынын жетекчилигине кайрылуу жасаган видеосу тарады. Видеодо автор өзүн тааныштырып, Түркиянын Измир шаарында эки жылдан бери жүргөндүгүн айтып, Түркиянын аймактарын билген, эл менен иш алып бара ала турган кишини элчи кылып дайындоону суранды.

Мындан тышкары, ал Түркияда иштеп жүргөн кыргыздардын бир катар көйгөйлөрүн козгоп, элчилик менен консулдукта иштеген курам да бардык көйгөйгө жардам берүүгө даяр болушу керектигин айтты. Өткөн элчилик менен консул бир катар иштерге катышпагандыгын белгилеп, Түркияга элчи болуп келе турган киши дипломат, түрк тилин, түрк мыйзамдарын билген адам болушу керектигин кошумчалады.

Ошондой эле, ал “Мамлекет жарандарын өлкө ичинде иш менен камсыз кылып берүүгө милдеттүү. Анын негизги функцияларынын бири ошол. Ырас иш менен камсыз кыла албайбы анда башка өлкөгө иштеп кеткен жарандарынын укуктарын коргоп, жеңилдиктерди бериш керек. Тилекке каршы ушул тапта биздин мамлекет экөөн тең кыла албай жатат. Анда мамлекеттин мамлекеттүүлүгү кайсыл???

Көйгөйлөрдү айта берсе бүтпөйт. Биздин бир гана сураныч Түркияга элчи болуп келе турган киши дипломат, түрк тилин, түрк мыйзамдарын, Түркиянын аймактарын билген, эл менен иш алып бара ала турган кишини элчи кылып дайындоо. Ошондой элчилик менен консулдукта иштеген курам да бардык көйгөйгө жардам берүүгө даяр болгон юрист, укук коргоочу, дарыгер, мугалим, экономисттер келиши керек. Тааныш, дос, тууган, аяш уул, жээн, таяке дегендер болбойт. Мындай туугандык жерде иш болбойт. Көйгөй көбөйөт”, – деген пикир менен видеосун жүктөгөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: