Menu

Дүйшөмбү-Ташкент каттамы кайрадан ишке ашкан жок

Бөлүшүү:

23-февралга белгиленген Дүйшөмбү-Ташкент аба каттамы белгисиз себептерден улам кайрадан ишке ашкан жок. Тажикстандын “Сомон Эйр” компаниясынын учагы алгач ирет керектүү документтер өзбек тарапка убагында тапшырылбагандыктан учкан эмес.

“Сомон Эйр” авиакомпаниясынын учагы 23-февраль күнү түштө Дүйшөмбүдөн Ташкентке сапар алмак. Билеттер сатылганы кабарланган. Бирок белгисиз себептерден улам тажик лайнери өзбек борборуна уча албай калды. Бул тууралуу Дүйшөмбүнүн эл аралык аэропортунан кабарлашты.

“Сомон Эйр” тажик авиакомпаниясынын Дүйшөмбү-Ташкент аба каттамы боюнча алгачкы ырааттуу учуусу 20-февралда да үзгүлтүккө учураган. Тажик компаниясы анда күнөөнү өзбек тарапка оодарган.

Бирок кийинки күнү Дүйшөмбү-Ташкент аба каттамы үзгүлтүккө учураганына байланыштуу Тажикстандын “Сомон Эйр” компаниясынын жетекчилери кызматтан бошотулган. Алар убагында Ташкент аба майданын тийиштүү документтер менен камсыздашкан эмес.

Эки өлкө ортосундагы аба байланышы 1992-жылы Тажикстанда жарандык согуш башталганда токтогон.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: