Menu

Милиция күнүнө карата Жалал-Абад ОИИБде бир катар сыйлыктар тапшырылды

Бөлүшүү:

Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 96 жылдык мааракесине карата Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын имаратында бир катар сыйлыктар санитардык нормаларды сактоо менен тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызмат билдирди.

Кыргыз милициясынын өсүп өнүгүшүнө, коомдук коопсуздукту сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө кошкон зор салымдары үчүн бир катар кызматкерлерге мөөнөтүнөн мурда атайын наамдар ыйгарылган.

ИИМдин медалдары ИИОнун ардагерлерине жана кызматта көрсөткөн жетишкендиктери үчүн милиция кызматкерлерине тапшырылган. Ошондой эле өз кесибинин мыктылары Жалал-Абад ОИИБдин ардак грамоталары менен сыйланышкан.

Өздүк курамды бүгүнкү майрамы менен Жалал-Абад ОИИБдин начальнигинин убактылуу милдетин аткаруучу, милициянын полковниги Нурбек Сыдыков куттуктап, жоопкерчиликтүү жумуштарында ийгиликтерди каалаган.

Ошондой эле ОИИБдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы полковниги Капарбек Исаков да сөз сүйлөп, ардагерлерге жана кызматкерлерге бекем ден соолук каалап, милициянын иши татаал жана сыймыктуу экендигин белгилеген.

Кыргыз милициясынын 96 жылдык мааракеси менен Өкмөттүн Жалал- Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсатар Сыргабаев жана айрым укук коргоо органдарынын облустук башкармалыктарынын жетекчилери да куттукташып, алар менен тыгыз байланышта кызматташып, кызматтык милдеттерин так аткарган бир катар кызматкерлерге сыйлыктарын ыйгарышкан.

Майрамга карата Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги тарабынан кызматтык ишмердүүлүктү мындан ары да жогорулатуу максатында айрым бөлүмдөргө компьютерлер, материалдык техникалар берилген.

Мындан сырткары ички иштер органдарында көп жылдар үзүрлүү эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан кызматкерлерге ак калпак жана чепкен кийгизилип, телевизор белекке берилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: