Menu

Тажикстанда армияда ыдык көргөн жоокерге 41 миң сомони компенсация берилет

Бөлүшүү:

Дүйшөмбү гарнизонунун Аскер соту тажик чек ара аскер бөлүгүнүн майып болуп калган жоокери  Шахбол Мирзоевге 41 миң сомони ( 5000 доллар тегерегинде) төлөп берүүгө милдеттендирди. Компенсация моралдык жана материалдык зыян үчүн берилет.

Соттун акыркы отуруму 22-ноябрда Чек ара аскер бөлүгүнүн башкы башкармалыгынын өкүлдөрүнүн катышуусуз өттү. Журналисттерди жараянга киргизишкен жок. Жоокердин жактоочулары сот чыгарган өкүмгө макул болушкан жок. Себеби жабырлануучу материалдык чыгым үчүн 97 миң 265 сомони жана моралдык зыян үчүн 20 миң сомони талап кылган. Эми адвокат жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрылат.

Аскер соту өткөн жылдын май айында майып болуп калган жоокерге материалдык чыгым катары 97 миң 265 сомони жана моралдык зыян катары 20 миң сомони төлөп берүү чечимин чыгарган. Бирок аскер прокуратурасы доо арыз бергенден кийин Жогорку сот августта бул өкүмдү жокко чыгарган.

Ашттын жашоочусу, 23 жаштагы Шахбол Мирзоев 2014-жылы мартта бирге кызмат өтөгөн жоокерлерден катуу таяк жеп майып болуп калган. Анын омурткасы, моюну сынып, жүлүнү жабыркап, жамбаш менен кашка жиликтин ашташына доо кеткен.

Чек ара аскер бөлүгүнүн фельдшери күнөөлүү деп табылып, ал 2014-жылы ноябрда 9 жылга эркинен ажыратылган. Жабырлануучуга шалаакы мамиле жасаган дарыкананын башчысы 1,5 жылга түзөтүү жумуштарына кесилген. Кийин экөө тең мунапыска илинген. Жоокерди сабаган фельдшердин жаза мөөнөтү 7 жылга чейин кыскартылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: