Menu

Атамбаев Азиз Батукаевдин катарына кошулду!

Бөлүшүү:

Алмаз Атамбаев снайпердик винтовкасы менен алты жолу атып, “Альфанын” командиринин орун басары Үсөнбек Ниязбековду өлтүрүп, беш адамды жарадар кылуу менен мыйзамдуулуктун гана эмес, адеп ахлактын, нравалуулуктун талаасынан биротоло чыгып, өзү коё бердирген Азиз Батукаевдин катарына кошулду.

Эми аны экс эмес, рецидивист деп атаган туура болот. Ал бардык диндерде, мыйзамдарда эң оор күнөө катарында эсептелген кылмышка барды, аңсезимдүү түрдө атайылап адам өлтүрдү. Ал эч жерде кечирилбейт, аны жасаганга гана эмес, бала чакаларына да жийиркеничтүү эн тамга бойдон калат. Аны менен кошо өзү да саясатчы катарында биротоло өлдү десек болот. Өз колу менен бир нече адамды атып, аны мактаныч катарында айтып отурган адамга деги мындан ары кандай адамды жактайт, колдойт? Мыйзамдуулуктун, гумандуулуктун, ыймандын талааларынан биротоло чыгып кеткендер гана жакташы, колдошу ыктымал.

Тилекке каршы, биздин коомдо акчасы төлөнсө, Чикатилону жактоочулар деле чыга берерин турмуш ырастап келет. Батукаевге деле жер жайнаган адвокаттар чыкпадыбы. Бирок Атамбаевдин цивилдүү дүйнө үчүн саясый өлүккө айлангандыгы эч кимде шек туудурбайт. Дүйнөнүн азыркы тарыхында Уганданын адам жегич мурдагы императорунан башка өз колу менен адам өлтүргөн мамлекет башчысы каттала элек. Мурдагы бай тарыхтан деле өз колу менен адам өлтүргөн хандарды, королдорду, императорлорду билбейбиз. Бул жагынан Атамбаев Кыргызстандын гана эмес, жалпы Азия элдеринин абройлоруна доо кетирген канкор экс-президент болуп калды.

Цивилдүү өлкөлердө башкалардын өмүрлөрүнө кол салмак түгүл, муштагандар деле ошол замат саясый өлүккө айланышат. Бирок, “боло берет кыргызга” дегендей, дүйнөдөгү акыл эстүү, ыймандуу адамдардын баарын зааркандырып, жийиркендирген эң чектен чыккан окуянын Кыргызстанда болгондугу гана намыстандырат, арга келтирет. Атамбаевдин жоругу – биздин демократиялык имиджибизге урулган оор сокку болду. Буга чейин Борбордук Азиядагы элдерге көп жаман жактарыбыздан мисал болуп жүрсөк, бул ирет ал дагы бир жолу ырасталды, бекемделди. 7-августка чейин АШАны жактап, коргогондор акча үчүн ошентип жатат дедик эле, ал адам өлтүргүчкө айлангандан кийин анын жанында жөнөкөй адамдар гана эмес, депутаттар, окумалдар жүргөндүгүн кандайча түшүндүрүүгө болот?.

Акыл-эстүү, мыйзамды сыйлаган, адеп ахлактуу адамдар Атамбаев “Альфачыларды” аткандан кийин эле “биз колу канга булганганга кошула албайбыз, ми арабыз биротоло ажырады” деп кетип калышмак. Бирок алар Атамбаевдин адамдарды аткылаганын кадимки эле таш бараң урушкандай эсептешип, эч нерсе болбогондой ага кошулуп, аны шыкактап жүрүшпөдүбү! Бул бизде экстремисттер түгүл, парламенттин айрым мүчөлөрүнүн да таптакыр мыйзамдуулук менен эсептешпей калгандыгын көрсөтөт. Аларга карата мыйзамдык катаал чаралар көрүлбөсө мындан кийин ал көндүм көрүнүшкө айланып кетет.

Атамбаев кармалды, СИЗОго киргизилди. Бирок, тергөөчүлөр тактап, тастыктай турган маселелер абдан көп. Шагыраган автоматтар, патрондор, тапанчалар кайдан алынган? Алардын буга чейинки кылмыштарга тиешелери барбы? Эмне үчүн аларды Карамушкина, Артыков, Мадеминов, Кодуранова сыяктуу депутаттар көрүп туруп, тийиштүү жерлерге билдиришкен эмес? Кылмышты көрүп туруп, аны тийиштүү органдарга кабарлабаган да кылмыш. Эмне үчүн ал жогоруда айтылгандарга, аларды жандап жүргөндөргө колдонулбай жатат?

Коомчулук мына ушуларга тезирээк жооп алышы керек. Аны эл чыдамсыздык менен күтүп жатат.

Автандил Белеков

Булак: «Майдан»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 73 = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: