“Биз жеке подоходный налогдун 85%ын жыйноону быйыл жергиликтүү бийликке бердик, эмдиги жылдан баштап 100%ын беребиз. Ошондуктан парламент өкмөткө тапшырма бериш керек. Бул салыкты жыйноо толугу менен жергиликтүү бийликтин функциясына кирет. Жумушчу орундарды түзүү, андан подоходный налогду жыйнап, өзүнүн киреше бөлүгүн толтуруу”, – деп билдирди бүгүн, 4-мартта парламенттин жыйынында Акылбек Жапаров.
“Жөлөк пул алгандар да, кайра иштей тургандар да подоходный налог төлөөгө каттоодон өтүш керек. Бул салык төлөө биздин конституциялык милдетибиз… Азыр 8 түр салыктын төртөөсүн жергиликтүү бийлик өзү чогултуп жатат да. Ошондуктан эми жөлөк пулдарды ушул подоходный налогго байланыштырышыбыз керек. Бул өкмөттүн функциясы эмес, жергиликтүү бийликтин функциясы болуш керек”, – деди Акылбек Жапаров.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ