Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-мартта өлкөнүн экономикалык коопсуздук маселелери боюнча бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда чакан курамда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү.
Президент кечээ, 2-мартта Бишкекте өткөн Садыр Жапаровду колдоо митинги боюнча пикирин билдирип жатып, мамлекеттик бийлик өлкөнүн экономикалык коопсуздугун бекемдеп, жарандардын тынч жашоосун камсыз кылууга милдеттүү экенин баса белгиледи. Ички иштер органдарына болгон биринчи кезектеги негизги талап жарандардын тынчтыгын камсыз кылуу болуп саналат.
«Кечээ милиция кызматкерлери өздөрүнүн милдеттерин толук кандуу аткарышты. Алар шаардыктардын тынч жашоого болгон укугун коргоп, шаардагы тартипти камсыз кылышты. Мамлекет башчысы катары, дагы бир жолу кайталап айтам, коомдогу тынчтык баарынан жогору турат. Бардык маселелер укуктук талаада чечилет, ультиматум тили кабыл алынбайт. Өлкөдө мыйзамдуулук сакталышы керек», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.
Андан кийин Мамлекет башчысы коронавирус инфекциясынын дүйнөгө жайылып жатышынан улам өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу маселелерине көңүл бурууга басым жасады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ